ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу форуму өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү ордун жогорулатуу, аларга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, көйгөйлөрүн жөнгө салуу, коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматты жеткирүү максатында “Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу” аталышында форум өткөрүлдү.

Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Н. Кадыров бул багытта үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктар менен зордук-зомбулуктун коркунучу жогору болгон үй-бүлөлөрдү тизмеге алып, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Психологдор, эксперттер ой-пикирлерин айтып, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана механизмдерин колдонуу боюнча жаштар менен пикир алмашты.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео