ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2024 -жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүн эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Албетте, жыл тогошоор мезгилде жыл ичинде аткарылган жумуштарды жана жетишкендиктерди карап, шаарыбызды өнүктүрүү үчүн бир топ максаттарды алдыга коюп жатабыз.

Узап бараткан жыл маанилүү жана маңыздуу окуяларга бай жылдардан болду.

Бул жылы шаарыбыз үчүн алдыга коюлган бир топ долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. Экономиканы өнүктүрүү, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, жолдорду оңдоо боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Мектеп жана бала бакчалар курулуп ишке берилди.

Өтүп бараткан жылыбызда Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракесин Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана өлкөбүздүн бүтүндөй булуң-бурчунан, ошондой эле өнөктөш шаарлардан келген коноктордун катышуусунда жогорку деңгээлде салтанаттуу белгилеп алдык.

Келе жаткан жаңы 2024-жылда шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртуу жана калаабыздын өнүгүүсү үчүн башталган иштер мындан ары да уланмакчы.

Сиздердин колдооңуздар менен көптөгөн ири долбоорлорду алдыда аткаруу ниеттерибиз бар жана бул максаттарды ийгиликтүү ишке ашырабыз.

Жаңы жылда ар бир адамдын ойлогон ой-максаттары, аруу тилектери ишке ашсын. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, шаарыбызда өнүгүү болсун.

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм.

Жыл башындагы жаңы жылдык эс алуу күнүңүздөр көңүлдүү улансын.

Жаңы жылыңыздар менен!

 

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео