ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Орусия азык-түлүк программасынын алкагында байытылган ун жеткирди

Бүгүн, Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Орусия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди.
Өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4600дөй адамга азык-түлүк (байытылган ун, өсүмдүк май) таратылат.
Орусия Федерациясы БУУнун азык-түлүк программасын колдоого алган (ВПП ООН) Кыргызстандагы эң ири донор. Акыркы 10 жылдан бери Орусия Кыргыз жарандарына социалдык коргоо жаатында колдоо көрсөтүп келет.
Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун жана Орус үйүнүн өкүлдөрү келген азык-түлүктөрдү өткөрүп алуу жараянына катышышты.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео