ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Үлүштүк курулуш” долбоору алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарында «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды.

Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, турак-жай 96 батирден турат.

Үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Жаңы турак-жай Ашимахунов 48А көчөсүндө курулуп, ички жасалгалары жана туташтырылган коммуникациялары менен толугу менен 2025-жылдын төртүнчү кварталынын аягында пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан үчүнчү ирет ишке ашырылууда.

Буга чейин, «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагын эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео