Бүгүн Ош шаарында 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын 59у “Баатыр эне” ордени, 60ы “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.
Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Улукбек Ыктыярбек уулу тапшырышты.
Иш-чарада энелердин балдарды татыктуу тарбиялоодогу эмгеги жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодогу орду белгиленип, аларга жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Мындан тышкары сыйлык ээлерине арналып, Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан концерттик программа тартууланып, сыйлык алган энелердин ар бирине Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында “Баатыр эне” орденине ээ болгон 695, “Эне даңкы” медалы менен сыйланган 313 эне бар. Көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштери мэрия тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.



