ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

8-март-Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.
Бакытбек Жетигенов Аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы, ар бир аял күн сайын урмат-сыйга татыктуу экенин белгилеп, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйлады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында маданият башкармалыгынын, эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланып, 700дөн ашуун аялдарга белектер тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео