ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Абанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Ош аймактык кеңсесинин башчысы А. Сулайманова баштаган уюмдун өкүлдөрү менен жолукту.

Жыйындын жүрүшүндө абанын булганышынын балдардын жана аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу максатында экологиялык ченемдерди сактоо, булганууга каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

ЮНИСЕФтин адистери мындан ары жергиликтүү бийликке тиешелүү сунуштарды даярдоо максатында Ош шаарында абанын булганышынын абалына баа берүү боюнча изилдөө иштери башталганын билдирди. Мындай изилдөө буга чейин Бишкекте да жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын мэриясы, Ош шаарынын Жылуулук электр борбору, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери абанын булганышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Н. Кадыров Ош шаарынын мэриясы шаардагы абанын булганышынын абалын изилдөөгө жана адистердин практикалык сунуштарын колдонууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйындын соңунда калк саламаттыгы үчүн аталган маселе боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашылды.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео