
Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынын жана коомчулуктун сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу кош каржылоонун алкагында ишке ашырылат. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.