Ош шаарында бул аптада инфраструктураны жаңылоо, социалдык объектилерди куруу, экология жана шаарды көрктөндүрүү багытында бир катар иштер аткарылды.
Экономика: шаар бюджетине бир айда кошумча 160 млн сом түшүп, каражат шаарды өнүктүрүүгө багытталууда.
Жолдор: К. Баялинов жана С. Абдувалиев көчөлөрү жаңыланып, Аношина көчөсүндө оңдоо иштери уланууда. «Барсбек» айлампасындагы эстакаданын курулушу 90%га аяктады.
Социалдык объектилер: Абдыкапар Базаров көчөсүндө 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Шаарда жаңы эс алуу жайы да түзүлүүдө.
Экология: таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу активдүү жүрүп, ишкана жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эл менен ачык диалог: “Эмаком” курулуш компаниясы тарабынан курулган көп кабаттуу үйдүн тургундарын түйшөлткөн кайрылуулары жеринде каралып, жол, турак жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча ыкчам тапшырмалар берилди.
Тарых жана туризм: тарыхый имаратты музейге айландыруу, ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө.
Эл аралык кызматташтык: Кытай тарап менен соода, инвестиция, транспорт жана туризм багыттарындагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Спорт: Ош шаарынын күнүнө карата III эл аралык TURKSEN профессионалдык бокс турнирин өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.
