ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Апта жыйынтыгы: Мэрдин бир жумалык ишмердүүлүгү

Өтүп жаткан аптада Ош шаарында жолдорду жаңылоо, жаңы мектептерди куруу, өндүрүштү өнүктүрүү, тарыхый жайларды сактоо жана коомдук мейкиндиктерди көбөйтүү багытында бир катар иштер аткарылды.

Жолдор жаңыланууда. Шаарда 10 чакырымга жакын жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Ишматов көчөсүндө 3,5 чакырымдык жаңы төрт тилкелүү жолдун курулушу башталды.

Жаңы мектептер курулууда. Быйыл шаарда 10 жаңы мектептин курулушу башталып, дагы 7 мектепке кошумча корпус салынууда.

Жаңы жумуш орундарын түзгөн өндүрүштөр. «Кең Строй Сервис» компаниясынын бетон заводунун курулушу 95 пайызга аткарылды. Ишкана ишке киргенде 120га чейин жаңы жумуш орду түзүлөт.

Тарыхый жайлар сакталат. Сүрөттүү-Таш, байыркы Ак-Буура шаарчасы жана «Сузак» чайканасын сактоо жана жаңылоо боюнча иштер каралууда. Ошондой эле мурдагы борбордук базардын ордунда жаңы маданий-туристтик комплекс куруу пландалууда.

Жаңы парктар көбөйүүдө. Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө жаңы парк пайдаланууга берилди. Жыл башынан бери шаарда 15 жаңы сейил бак жана эс алуу жайы ачылды.

Жарандардын көйгөйү — жеринде. Шаар тургундарынын кайрылуулары каралып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилүүдө.

Экологиялык транспортко багыт. «Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!» челленджи башталып, шаар тургундары сергек жашоого жана экологиялык транспортту колдонууга чакырылууда.

Ош — өнүгүп, өзгөрүп жаткан шаар. Бир аптада аткарылган иштер — алдыдагы чоң өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео