Бул аптада Ош шаарында жолдорду куруу жана оңдоо, короолорду көрктөндүрүү, коомдук транспортту жакшыртуу, коопсуздукту камсыздоо жана шаарды ирээтке келтирүү боюнча бир катар маанилүү иштер аткарылды.
Ошондой эле ири инвестициялык долбоорлорго старт берилип, эл аралык кызматташтык кеңейтилип, жарандардын кайрылуулары каралып, социалдык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Шаарды өнүктүрүү жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштер ырааттуу уланууда.
