Ош шаарынын мэри Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту

Бүгүн, 17-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту. Жолугушууда делегаттарга шаардагы ар кайсы тармактарда, анын ичинде социалдык чөйрөнү, жылуулук, суу, энергетика, турак жай курулушун өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтар берилип, бир катар маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Шаар башчысы кийинки жылы шаардагы […]
Жеке менчикке өтүп кеткен бир катар социалдык мекемелердин жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды

Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун чечимдери менен № 19 Шевченко, Т. Сатылганов атындагы мектептеринин, № 18 жана “Айданек” бала бакчаларынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды. Ошондой эле, № 6 Макаренко атындагы орто мектептин аймагына мыйзамсыз курулган эки кабаттуу курулушту (Капитал банк) өз эсебинен буздуруу жана жер тилкени мурунку калыбына келтирүү жөнүндө […]
Ошто XIII Эл аралык грек-рим күрөшү боюнча турнир башталды

Бүгүн, 13-декабрда “Кыргызстан-Иран достугу” спорт комплексинде, 2009-2011-жылдары туулган спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча XIII Эл аралык турнир башталды. Турнир 17 жолку Кыргызстандын чемпиону, спорт чебери Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналды. Аталган турнирге 12 салмак категориясы боюнча Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан 200дөн ашык спортчу катышууда. Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана […]
Элдик Курултайдын делегаттары оштогу бир катар социалдык объектилер менен таанышышты

Бүгүн, 12-декабрда III Элдик курултайдын делегаттары Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Ош шаарында бир жыл ичинде курулган социалдык объектилерди көрүп чыгышты. Делегаттар жакында ачылган Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп, шаардык клиникалык оорукананын жаңы курулуп жаткан дарылоо-диагностикалык борбору жана жогорку технологиялык жабдыктары бар 300 орундуу кошумча […]
Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын каттарынын негизинде Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда. Аталган жыйым жеке жана юридикалык жактардан ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижара берүүчүлөрдөн […]
Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэфициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын аймагына кошулуп жаткан аймактарда зоналык коэффициенттердин сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-, 388-, 404-беренелеринин негизинде Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэфициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын […]
Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында рейд өткөрүлүүдө

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев башында турган топ Ош шаарында кечки убакытта коомдук транспорттун абалын текшерүү, жакшыртуу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көзөмөл жүргүзүүдө. Учурда “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун техникалык, санитардык кемчиликтери, айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон тейлөө мамилеси, жол коопсуздугунун […]
Ош шаарынын мэриясында жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу болду

Учурда жолдорго кум, туз аралашмасы себилүүдө

Урматтуу Ош шаарынын тургундары. Бүгүн жааган карга байланыштуу күндүз кум, туз аралашмалары тиешелүү кызматтар тарабынан себилип жолдор кардан тазаланып турулду. Учурда түнкү суукка байланыштуу жолдордо муз тоңуп жүрүүгө кыйынчылыктар жаралууда. Ушул сааттарда шаардагы негизги жана ички жолдорду муз, кардан тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар жумуштарды алып барууда. Урматтуу шаар тургундары сиздерден сураныч, жолго унааңыздардын жайкы дөңгөлөгү […]
Ош шаарында III Элдик курултайдын делегаттары шайланды

Бүгүн, Ош шаарында III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйыны өттү. Жыйында шаар аймактарынан сунушталган 300 делегат ачык добуш менен 20-декабрда Бишкек шаарында өтүүчү Элдик курултайга катыша турган 43 делегатты шайлашты.