ЖАРЫЯ!

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Музыка ишмерлер союзу биргеликте кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан улуттук музыкалык аспаптары: комуз, кыл-кыяк, темир ооз комузду жасаган усталардын кароо-сынагын жарыялайт. Кароо-сынак кыргыз улуттук музыкалык аспаптарын жасаган усталарга дем берүү, мыкты жасалган аспаптарды тандоо жана усталардын республикалык маалымат базасын түзүү максатын көздөйт. […]
Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Садирали кызы Чолпондон кабар алдыМэрдин орун басары Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэриясынын атынан материалдык жардамды тапшырдыБелгилей кетсек, Садирали кызы Чолпон жолдошу Азамат Мусаевдин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, сиздер үчүн маанилүү маалымат!

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү максатында жумушчу комиссия төмөндөгү мүлктөрдү сатууга аукцион жарыялайт

Сынакка катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт. ➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]
Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 8-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Шаар тургундарын мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен бирге кабыл алды. Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде чечүү тапшырмасы берилди.
Майыптыгы бар адамдардын арасында спорттук мелдештер өттү

Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Белгилей кетсек, аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, майыптыгы […]
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарындагы Бабур театрында 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү мекеме-уюмдарынын жетекчилери, мугалимдери катышышты. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров келечек ээлерин тарбиялоодогу жана сапаттуу билим берүүдөгү негизги жүктү аркалап келе жаткан тармактын өкүлдөрүнө куттук сөздөрүн айтып, […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эртең 8-октябрь саат 09:00дөн тартып, 9-октябрь саат 10:00гө чейин Ош шаарында убактылуу газ берүү токтотулат. Мунун себебин Өзбекстан Республикасынын АК “Узтрансгаз” ишканасы “Ходжабад-Ош” магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрү менен түшүндүрөбүз. Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.
Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды. Майрамдык концерт саат 19:00дө башталып, ага 20 миңге жакын шаар тургундары жана коноктору күбө болушту. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын майрам менен куттуктады. Гала-концертте Өзбекстандын белгилүү ырчысы Озода Нурсаидова, Керим Турапов, Гулжигит Сатыбеков, Эрлан […]
Ош шаарында таэквондо боюнча ITF “OSH CUP” эл аралык турнири башталды

Бүгүн, Ош шаарынын күнүнө карата “Газпром” спорт комплексинде 15-17 жаштагы спортчулар арасында таэквондо боюнча ITF “OSH CUP” эл аралык турнирдин ачылышы болду. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, “Таэквон-до ITF” федерациясынын президенти Кутман Мукашев жана башка спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын 7 дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 400дөн […]