Жарандарды кабыл алуу болду

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди. Жарандар негизинен коммуналдык, турак жай, жер жана башка көйгөлүү маселелери менен кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, […]
Быйыл ош шаарында 8745 окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү. Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, […]
Ош: эгемендүүлүк майрамы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара борбордук аянттагы чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, шаар тургундары катышты. Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов эркиндикти аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө ар бирибиздин негизги милдетибиз экендигин […]
Ош: толук оңдоодон өткөн т.турсунбаева көчөсү бүгүн пайдаланууга берилет

Ош шаарында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин толук оңдолуп бүтүп, унаалардын каттамы үчүн бүгүн ачылат. Жолдун туурасы 19 метрге чейин кеңейтилген.
Ош шаарында эгемендүүлүк майрамына карата спорттук мелдештер өттү

🏆 Бүгүн, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Кыргыз Республикасынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында улуттук спорттук оюндары: күрөш , тогуз коргоол, аркан тартыш, ошондой эле шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер өттү. 🏆 Мелдештерге активдүү катышып, жеңишке жетишкендерге шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Ош шаарында эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында чет элдик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган улуттук спорт оюндар жана мелдештер, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун бий топтору тарабынан концерт […]
Ош: 33 жылдыктын урматына 33 бөбөктүн тушоосу кесилди

31-август, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук аянтта 33 баланын тушоосу кесилди.
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эгемен элдин ыйык дөөлөтү, баа жеткис мурасы жана бийик сыймыгы. Бүгүн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Анткени Эгемендиктин 33 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ошону менен катар быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык […]
Ош шаарында эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата эки көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

➱ Ош көчөсү Райымбеков көчөсүнүн кесилишинен Бабараимов көчөсүнө чейин; ➱ Ленин көчөсү менен Загородная көчөсүнүн кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейин.
Эгемендүүлүк күнүнө карата ар тармактын өкүлдөрү сыйланышты

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан ар тармактын кызматкерлери 31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тапшырды.