ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Т.Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери башталды

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады. Ал эми жолдун боюндагы суу жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары толук көчүрүлүп, бордюрларды жана арык лотокторун орнотуу боюнча иш-аракеттер аяктады.

Ош шаарында куруучулар сыйланды

Ош шаарынын мэриясында бүгүн, 9-августта куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү. Шаардын курулуш тармагында эмгектенген кызматкерлерди Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон алгылыктуу салымдарын белгилеп, өз ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда Куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.

КМШ өлкөлөрүнөн келген ардагерлер ооганстанда курман болгондорду эскеришти

Бүгүн, 8-августта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Ооган согушуна 1979-жылы Ош шаарында жайгашкан 860 полктон Памир-Ишкашим аркылуу Ооганстандын Файзабад провинициясына барып, Ооган согушуна катышып келген ардагерлер 45 жылдан кийин жолугушуп, курман болгон жоокерлерди эскеришти.   Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Оштогу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Какан Эралиев, Казакстан,  Өзбекстан, Орусия, […]

Ош: аткаруу бийлигине эл көйгөйлөрүн айтты

Бүгүн, 7-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Жыйында шаар тургундарына суроо берүү үчүн эркин микрофон берилди. Келген жарандар негизинен социалдык багыттагы көйгөйлөрдү, курулуш тармагына байланыштуу маселелерди, турак жай салуу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, коммуналдык тармактарга байланышкан […]

Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы лагерлерде эс алышат

Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат. Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга психолог, медициналык кызматкерлер тарабынан психологиялык жардамдар […]

Эски үлгүдөгү жарнамалык такталар алына баштады

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарнамалык такталарды алуу жана санарипке өткөрүү боюнча иштерди алып барууда. Белгилей кетсек, буга чейин апрель айында жарнамалык такталардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Ошондой эле, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу сунушталган. Жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык […]

Жарандар арасында вирустук гепатит боюнча маалыматтуулугун жогорулатууга арналган 10 күндүк өнөктүк жүрүп жатат

Ош шаарынын тургундарынын арасында 2-августтан тарта (16-августка чейин) АИВ-инфекциясын алдын алуу, 23-65 жаштагы жарандарды гемоконтакттык вирустук гепатиттерден эмдөө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу баракчасын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык өнөктүк өтүүдө. Бүгүн, аталган иш-чара “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана […]

 Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАРГА ТӨМӨНКҮ ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ: ➦ Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш […]

Ош: жакында оңдоп-түзөөдөн өткөн эки көчө пайдаланууга берилет

Алсак, Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү иштери аяктоо алдында турат. Бул жердеги ирригациялык тутумдар толук алмаштырылып, тротуары жасалды. Учурда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Ал эми №177 көчөгө жаңыдан асфальт төшөлүп бүттү. Учурда долбоорго ылайык, электр мамычаларын орнотуу, тротуарды куруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.