ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак үй менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыккан. Ишкананын үлүштүк курулуш программасы жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында турак-жайга ээ болуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, документациялык камсыздоодо жеңилдетүүлөр каралган. Анын алкагында бүгүн, “Айыл Банк” ААКму менен Ош шаарынын […]

Некролог: Ош шаарындагы улуу ата мекендик согуштун жалгыз ардагери касымбай жолдошев мезгилсиз дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу майыбы Жолдошов Касымбай 1925-жылдын 25-июнунда Ноокат районунун Шанкол айылында туулган.   1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл Мекенге кызмат өтөгөн.   Анын ичинде 1945-жылдын 9-августунда Япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, […]

Ош шаарындагы № 177-көчө толук капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Жол четине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалган. Андан сырткары суу өтүүчү арык лотоктор жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жолдун сапатын жана бүткөрүлгөн жумуштар менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. Тургундар бул жолго буга чейин бир да асфальт басылбай ысыкта чаң, жаан-чачында ылай болуп келгендигин айтып, шаар мэрине ыраазычылыктарын билдиришти. Айта кетсек бул […]

Ош шаарында зордук-зомбулук, радикалдуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү коомчулуктун дарамети жана маалымдуулугу жогорулады

Ош шаарында “Жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана зомбулук, радикалдуу экстремизмдин алдын алууда алардын туруктуулугун жогорулатуу” биргелешкен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, «Аялзат» аялдардын демилгелүү борборунун өкүлдөрү, социалдык кызматтардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты. Долбоор Ош шаарынын «Жибек Жолу» МАБында ишке ашырылып, анын максаты төрт коомдук консультациялык түйүндөрдүн (ККТ) зордук-зомбулук, экстремизмди алдын алуу боюнча дараметин […]

КУЛАКТАНДЫРУУ!

🚩 Ош шаарынын мэриясы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагын жарыялайт. ✏️ Сынакка Ош шаарындагы акындар, жазуучулар, жаш таланттар жана чыгармачылык өнөрү бар бардык жарандар катыша алышат. 🔸 Сынактын шарттары: ➱ Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары же кара сөз түрүндөгү […]

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга сынак

Сынак өткөрүү күнү “Ош шамы” коомдук саясий гезитине же болбосо Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: ͟О͟ш͟ ͟ш͟а͟а͟р͟ы͟,͟ ͟З͟а͟д͟н͟е͟п͟р͟о͟в͟с͟к͟и͟й͟ ͟к͟ө͟ч͟ө͟с͟ү͟ ͟№͟4͟, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты. Сынакка катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ Физикалык […]

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүнүн ТИЗМЕСИ

    № Аталышы Талапнаама ташталган датасы Жыйынтыктоочу балл Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу коомдук пайдалуу долбоору 1. Нурмаматов Иса Темиржанович “Мусаада” коомдук фонду “Үйү жокторго түнөк үйү” долбоору 29.07.2024 105 балл Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды эрте кийгилишүү жолу менен даарылоо аркылуу социалдык […]

Ош шаарында XXXIII жайкы олимпиадалык оюндарынын катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалынын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган күрөшчү Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко келишти. Ош эл аралык аэропортунан спортчулар алардын урматына уюштурулган унаалардын коштоосунда Алымбек датка этно борборунда тосуп алынды. Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри Бакытбек […]

Жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду

Бүгүн, 13-августта Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду. Шаар тургундарын Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту. Ар бир айтылган көйгөй боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ош шаарында эл аралык жаштар күнү белгиленди

“Идеастан” аталышында өткөн талкууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, жалпысынан 60га жакын жаш активисттер жана эксперттер катышышты. Дискуссиянын жүрүшүндө Ош шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жана жаштар саясатында болуп жаткан актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооптор болуп, шаарыбыздын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Иш-чара калаадагы негизги көйгөйлөрдү аныктоого, жаштардын баарлашуусун түзүүгө, биргелешип […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.