ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен шаардагы жарнамалык такталарды санариптик форматка өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде эски үлгүдөгү жарнамалык такталарды алып салуу жана санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди. Жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу боюнча […]

Жашылча, мөмө-жемиштердин коопсуздук көрсөткүчтөрү текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын адистери биргеликте Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан жашылчалардын, мөмө-жемиштердин курамында нитраттын өлчөмүн аныктоо максатында рейдке чыгышты. Алгач, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу “Эл-Азык” соода борборундагы кичи дүкөндөр, Кулатов кичи шаарчасындагы “Арча” базарынын тегерегиндеги көчө бойлорунда сатылып жаткан коон, дарбыздар, жашылча, мөмө-жемиштер текшерүүгө алынып, […]

Жарандарга суудагы коопсуздукту, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө

🔰 Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынынын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардагы бассейндердин санитардык-гигиеналык абалы жана коопсуздукту көзөмөлдөө маселелери боюнча жыйын өткөрдү. 🔰 Жыйында Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматтары угулуп, талкууланып, төмөндөгүдөй чечимдер кабыл […]

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга сынак

Сынак өткөрүү күнү “Ош шамы” коомдук саясий гезитине же болбосо Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты. 𒐬 Сынакка катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ […]

Диний мекеме-уюмдарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылууда

Анын алкагында бүгүн, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмү менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтардын жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде […]

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 7-августунда Ош шаарында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтө турган элдик жыйынга катышууга чакырабыз. Элдик жыйынга катышуу үчүн алдын ала Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы (https://oshcity.gov.kg/ky/) “электрондук кабылдама” бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дарегине жазылган арыз менен 2024-жылдын 7-августуна чейин […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Бүгүн, 26-июлда Парижде Олимпиада оюндары башталып, ага Кыргызстандан 16 спортчу катышат. Мелдештер 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Республикабыздын спортчулары катышкан бардык мелдештер “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде LED-экранда түз алынып көрсөтүлөт. Кыргызстандык спортчулардын таймашка чыга турган күндөрү (Бишкек убактысы боюнча): 26-июль: 23:30 — Олимпиадла оюндарынын ачылышы. 27-июль: Сууда сүзүү / Денис Петрашов, 100 метр, брасс стили. 15:00 […]

Ош шаарында 2024-жылдын I жарым жылдыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү

Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Коллегиялык жыйында: Ош шаарынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилип, 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө айтылды. Ош шаарынын 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө маалымдалды. […]

Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы муниципалдык базарды куруу иштери жүрүп жатат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Б. Осмонов көчөсүндө (“Мегаполис” соода борборунун маңдайында) жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин көрүп чыкты. Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул […]

Коомдук тамактануучу жайлар санитардык ченемдердин сакталышы боюнча текшерилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарындагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кирген аймактардагы соода-сатык, коомдук тамактануучу жайлар, азык-түлүк саткан дүкөндөр, кичи базарлар, тамак-аш өндүрүш багытында иштеген цехтер санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча текшерүүгө алынды. Атап айтканда, Курманжан датка жана […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.