ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто дагы бир автобусттук каттам иштей баштайт

Ош шаарында, 26-июлдан тарта “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ош шаарына жакында алынып келинген ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №25 автобустук каттамга чыгат. Белгилей кетсек, аталган каттам №125 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл чиймеси өзгөрбөйт.

Улуттук банк: Селден жабыркаган жарандар насыяларынын төлөө шарттарын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот!

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо (жеңилдетүү боюнча) арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана насыялык келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же насыянын мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт. Селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына насыяны реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө кат жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясынын жыйыны өттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун жетекчилиги астында өткөн жыйында иш-чаралар планы сунушталып, анын негизинде тиешелүү кызматтарга Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан курулуштар боюнча толук маалыматты чогултуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле бардык керектүү документтер чогултулуп, каралып чыккандан кийин биринчи этаптын алкагында эс алуу жайларынан баштап С. Бахапов көчөсүнө чейинки объектилерге мониторинг жүргүзүү иштери пландалганы айтылды. […]

Ош шаарындагы борбордук базар иштеп жатат

Ак-Буура дарыясынан өткөн мыйзамсыз салынган көпүрөлөрдү бузуу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Ош шаарынын борбордук базарына кирүүчү кошумча жолдордун картасын сунуштайбыз. Учурда борбордук базар иштеп, соода жүрүп жатат. Кирүүгө тосколдуктар жок. Азыркы базар муниципалдык жаңы базар курулуп бүткөнгө чейин 2 айлык мөөнөттө иштейт.

Билдирүү!

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун протоколдук тапшырмасын негизинде, Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамы: – З.Б. Юсупов – Ош шаарынын мэринин орун басары, комиссиянын төрагасы; – А. Каныбек уулу – Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, […]

Ош шаарынын борбордук базарын жаңы жерге көчүрүү боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базардын дирекциясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү соодагерлер арасында базарды Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан жаңы соода жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Коопсуздукту тартип сакчылары камсыз кылышты. Түшүндүрүү иштеринин алкагында ишкерлер борбордук базардын жаңы жайгашкан жери менен таанышып чыгышты.

Ошко Казакстандан гуманитардык жардам келди

Казакстандын (Алматы шаары) “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” коомдук фонду селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирди. Жүктүн жалпы салмагы 40 тонна болуп, анын ичиндеги төшөнчү жабдыктар, азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар Ош шаарынын жана Ош облусунун жабыркаган жарандарына бөлүштүрүлөт. Гуманитардык жүктү тосуп алууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары […]

Борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыкты. Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет.

Ош шаардык борбордук базары жылдырылат

Бүгүн 19-июлда, Ош шаарына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Иш сапардын алкагында ал Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясында жыйын өттү. Жыйында Ош шаары жана Ош […]

Борбордук базар: Көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү иштери башталды

Ош шаарындагы борбордук базарда Ак-Буура дарыясынан өткөн, өз билемдик менен мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү жумуштары башталды. Сел ташкынын кесепеттерин жоюу максатында аткарылып жаткан бул иш-аракеттерге Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.