Ош шаарынын борбордук базарында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жарандык коргонуу боюнча комиссия ишин баштады

Учурда комиссиянын мүчөлөрү тарабынан базар соодагерлерине келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, борбордук базардын негизги өтмөктөрү сел ташкынынан тазаланып бүттү. Комиссия өз ишин аяктагандан кийин Ош шаарынын борбордук базары кайра ишке кирет.
Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

Бүгүн, Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Ага, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты. Жалпы […]
Жарандарды кабыл алуу

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди. Шаардыктар негизинен жер маселеси, турак жай, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп […]
Ошко Өзбекстандан гумжардам келди

Бүгүн, 16-июлда Ош шаары жана Ош облусуна Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди. Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү […]
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты

Акылбек Жапаров Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базарды, А.Навои атындагы эс алуу жайды, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын кыдырып, жеринде шаар тургундарооы, базардын соодагерлери менен сүйлөшүп, суроолоруна жооп берди. Андан соң Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы […]
Жарандык коргоонун башчысы – Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов сел каптоодон жабыркаган аймактарды бүгүн да жеринен барып, кыдырып чыкты

Шаар башчысы селдин кесепетинен жабыркаган борбордук базарда жүрүп жаткан тазалоо иштерин көрдү. Андан сырткары Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан, үйлөрү суу астында калган “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Маала көчөсүнүн жашоочуларынан кабар алды. Бакытбек Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга бардык жеткиликтүү күчтөрдү колдонуп, атайын техникаларды тартуу менен сел баскан аймактарды тазалоо боюнча иш-аракеттерди тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ош шаарынын борбордук базарында селдин кесепетинен зыян тарткан жайлар тазаланууда

Жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган. Коомдук коопсуздукту тиешелүү күч түзүмдөрү камсыз кылууда.
Ош шаарынын аймагындагы коомдук-саясий абал боюнча (саат 23:30га карата) кошумча маалымат

Селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 120 куткаруучу, 7703 а/б 50 жана 36806 а/б 70, 2024 а/б 42,92840 а/б 30 аскер кызматкерлери ошондой эле ИИМ кызматкерлеринен 170 милиция кызматкерлери, Тез жардам, Жашылдандыруу, Шаардык жол башкармалыгынан, транспорт кызматынан техникалар тартылган. Ош, Сулайман-Тоо РЭСтин бир катар постанцияларын, Кара-Суу РЭСке караштуу Беш-Мойнок подстанциясын сел жууп […]
Ош шаарында сел каналдарын тазалоо иштери жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, Учар конушунун Ирригатор көчөсүндөгү сел каналдарын тазалоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун айтымында, жергиликтүү тургундар, жеке ишканалар жана коммерциялык объекттер тарабынан сел каналдарына ар кандай түтүк тармактары орнотулгандыктан, сел жүргөн учурда каналдар тез толуп, аталган көчөдөгү жолдорду суу каптап кетүүдө. Иш-чараларга Ош шаарынын […]
Ош шаарынын аймагындагы коомдук-саясий абал боюнча (саат 19:30га карата) маалымат

2024-жылдын 14-июль күнү Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван – Ак-Буура каналына 7 автоунаасын сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн камазга элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип […]