Селдин кесепетинен улам Ош шаарында ушул саатка карата жалпы тез жардам кызматына 30 чакыруу болгон

Селдин кесепетинен улам Ош шаарында ушул саатка карата жалпы тез жардам кызматына 30 чакыруу болгон. Анын ичинен 17 жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү, 9 жаран шаардык клиникага, 4 жаран облустук ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда 8 жаран шаардык клиникадан үйүнө чыгарылды (амбулаторияга), 1 жаран клиникада каралып жатат, ден соолугу жакшы. Облустук ооруканадан 3 адам үйгө чыгарылды, 1 […]
Ош шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 14-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан […]

Ош шаарында жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып борбордук базарды каптап кеткен. Ага байланыштуу Ош шаарынын мэри, жарандык коргоонун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өтүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Борбордук базардын аймагын иретке келтирүү боюнча ӨКМ, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, аймактык башкармалыктын жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлери […]
Т. Турсунбаева көчөсү 18 метрге кеңейтилди

Жумуштар жаңы темир жол өтмөгүнөн (“Зухра” кафесине жакын жерде) И. Раззаков көчөсү менен кесилишине чейин жүргүзүлүүдө. Унаа жүрүүчү жолду, тротуар жана ирригациялык тармактарды кошкондо,18 метрге чейин кеңейтилген. Жолду кеңейтүүгө тиешелүү коммуналдык жана муниципалдык ишканалар тартылып, өз башыттары боюнча жумуштарды жасап жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундар өз алдынча орноткон тосмолорду жана соода түйүндөрүн түшүндүрүү иштеринен соң […]
Ош көчөсүн кеңейтүүнүн акыркы этабы жүрүүдө

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерин жеринен көрүп чыкты. Азыркы учурда аталган көчөдө жолду асфальттоого даярдоо жана ирригациялык тармактарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жумуштарга жергиликтүү тургундар кол кабыш кылып, колдоо көрсөтүп жатышат. Жолдун узундугу болжол менен 420 метр, туурасы 12 метрди түзүп, долбоорго ылайык анын […]
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш-кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү боюнча окутуулар жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кыргыз тилинде жазуу иштерин жүргүзүүдө, пикир алышууда сабаттуулукту арттыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрүп жатат. Мындай окутуулар жыл башынан бери ар квартал сайын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүндөгү 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалыктардын кат менен иштөөчү […]
Алкоголдук продукцияларды сатуу үчүн кандай документтер керек?

Ишкерлердин көңүлүнө! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик агенттик алкоголдук продукцияларды сатууга лицензия алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкү документтер талап кылынат: жеке адамдар үчүн: – паспорттун көчүрмөсү; – жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; – мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (500 сом). юридикалык жактар үчүн: […]
Эртең Ошто 7-автобус каттамга чыгат

Эртең, 10- июлдан тарта Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы 7-номердеги жаңы автобустарды каттамга чыгарат. Шаардагы 107-маршруттар каттамдан чыгарылып, ордуна ордуна 7-автобус каттамы коюлат. Жалпы 20 автобус Курманжан Датка аймактык башкармалыгынан(Юго-Восток) АЭРОшаарчага чейинки аралыкты камтыйт. Анда 14 аялдама болуп 6-7 мүнөттүк аралык менен иш алып барат. Эскерте кетсек Ош шаарына 100 автобус алынып келинген. Буга чейин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаардык жылуулук электр борбору билдирет. Эртеңден тарта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн Курманжан Датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсү (РСК банкы) кесилишинен, Мухаммед Али Джиннах (Ага Хан мектеби) көчөсүнө чейинки жол аралыгы унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Буга байланыштуу, унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын […]
Ош шаарындагы диний мекеме-уюмдарда, мечиттерде жана медреселерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтар жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча […]