ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарандар жеке маселелер менен кабыл алынды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мэриянын тиешелүү бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Сонунбек Жунусбаев жарандар тарабынан айтылган ар бир маселеге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга талаптарды аткаруу боюнча жеринде мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын берди.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ы. Монуев көчөсүндө жолду кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыктан, 9-июлда эрте менен А.Алимжанов көчөсүнүн бир тарабы транспорт каражаттары үчүн жабылат: – «Азия» супермаркетинин каршы тарабындагы коомдук транспорт аялдамасынан тартып, Монуев көчөсү менен кесилишкен жерге чейин. Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап […]

Бий искусствосу – 2024” аттуу II Эл аралык бийчилер фестивалы башталды

Бүгүн, 8-июлда Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бий фестивалынын ачылышы болду. Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана чет өлкөлөрдөн келген расмий коноктор катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарында 7-8-9-10-11-12-июль күндөрү, Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан экинчи ирет “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бийчилер фестивалы өткөрүлөт. Фестивалга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат. Ошондой эле 60дан ашуун чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чара саат 18:00дө башталып, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында өтөт. Иш-чаранын […]

Оштогу жеке медициналык мекемелердин жана клиникалардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, жеке медициналык мекемелер жана клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Камчыбек Исабаев, Ош шаарынын жана Ош […]

Ош шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде бүгүн, 5-июлда, Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Мелдешке 190дон ашуун Кыргызстандын жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, эл аралык мелдешти жыл сайын өткөрүү салтка айланып, мэрдин кубогу барган сайын жаштарды шыктандырып жатканын, спорттун […]

Ленин көчөсүндөгү башаламан көчө соодасына каршы күрөш күчөтүлөт

Жарандардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери тиешелүү укук коргоо органдары менен биргеликте саат 03:00дөн баштап Ленин көчөсүндөгү (Тешик-Таш аймагы) автоунаа жана жөө адамдар жүрүүчү жолдорду, тротуарларды башаламан, мыйзамсыз соода-сатыктан бошотуу жана мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирүү максатында (мындан ары туруктуу негизде) көзөмөл жүргүзүштү. Иш-аракеттердин алкагында соодагерлерге уруксат берилбеген жерлерде соода кылууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү […]

Юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды

Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош юстиция башкармалыгынын башчысы Уларбек Жунусов, Ош облустук жана шаардык прокуратураларынын жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Юстиция башкармалыгынын имаратынын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында юстиция кызматкерлерине калкты тейлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Жаңы 5 кабаттуу имаратта калкка […]

Ош шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардагы аталыштарда жана маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылууда

Бүгүн, Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан ашканалардын, кафе-ресторандардын жарнамаларын, ичиндеги маалыматтарды, тамак-аш аталыштарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде туура жазылышы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тил мыйзамына туура келбеген жагдайлар боюнча мыйзам чегинде иш алып барылып, тиешелүү кызматтар тарабынан тиешелүү акттар түзүлдү. Эскертилген мөөнөттө кетирилген каталар оңдолбосо, белгиленген […]

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Бабур атындагы Ош драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оштогу координатору Шаятбек Абдурахманов, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, медицина кызматкерлери катышты. Бакытбек Жетигенов ак халатчандардын кесиптик майрамы менен куттуктап, ак кызматын элдин ден […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.