ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын аймагында март, апрель, май айларында өткөрүлгөн жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, көрктөндүрүү жана жашылдандырууга активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты. Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тазаланган жер эмес, булганбаган жер таза болоорун белгилеп, шаар үчүн жазгы үч айлыкта эле эмес, жыл бою биргеликте кам көрүүгө […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эртең, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыгат. Белгилей кетсек, аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырат. Ошондой эле, кийинки жумадан тарта жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштайт: • Аэропорт – Касымбеков көчөсү – И. Раззаков көчөсү – А. Масалиев көчөсү […]

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга, координациялык кеңештин мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде төмөнкү эки маселе каралды: – КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаары боюнча Улуттук коопсуздук концепциясынын […]

Көңүл буруңуздар! Аталган жол тилкесинде жол жабылат

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Т. Турсунбаева көчөсүнүн бир бөлүгүнөн И. Раззаков проспектисине чейинки жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу Артыков көчөсү менен Т. Турсунбаева көчөсүнүн кесилишинен Космонавттар сейил багына чейин бүгүн, саат 22:00дө унаа жолу жабылат. Аны менен катар, айдоочулардын ыңгайлуулугу үчүн аталган участоктогу экинчи катардагы көчөлөр, анын ичинде Моторная жана Артыков көчөлөрү кесилишкен жерден […]

Жарыя!

Ош шаарынын мэриясы “Ош шарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын” алкагында 2024-жылга карата тандалып алынган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт. –        Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу коомдук пайдалуу долбоору. –        Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды эрте кийгилишүү жолу менен даарылоо аркылуу […]

Абитуриенттер үчүн кызыктуу маалымат!

Эртең, 2-июль күнү Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинде Омск, Томск жана Новосибирск (РФ) шаарларынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кабыл алуу комиссиясы иштейт. Комиссиянын иштөө убактысы саат 11:00дөн 17:00гө чейин. Абитуриенттер онлайн турдө Кыргызстандан Орусиянын төмөнкү жогорку окуу жайларына тапшырышса болот: • Омск мамлекеттик техникалык университети (ОмГТУ) • Омск мамлекеттик транспорт университети […]

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт

“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга уруксат берүү” комиссиясынын 2024-жылдын 6-июнундагы протоколуна ылайык, Ош шаарындагы төмөндөгү муниципалдык обьектилер ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт. Курманжан датка № 121 конкурс Конкурска катышуучулар: Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты Ош шаарынын Заднепровский көчөсү, №4 дарегинде кабыл алынат. (3-кабат, 13-каана) 1.Физикалык жактар […]

Ош шаарында быйыл 1825 орундуу жалпы 4 мектеп курулуп бүтөт

Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу эки мектеп 2016-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Учурда иш жанданып быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталган. Ал эми 225 орундуу Мээркан айылындагы, 700 орундуу Терешкова атындагы жатак мектебинин курулушу жаз айында башталган. Бул мектептер да быйыл бүткөрүлүп пайдалануууга берилет. Аталган окуу мекемелеринин курулуш иштеринин […]

Санкт-Петербург шаарынын санариптик өнүктүрүү тажрыйбасы алмашылат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов боордош шаар Санкт-Петербург шаарынан келген санариптештирүү боюнча адистерден турган топ менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербургдан келген коноктор маалыматтык технологияларды, нейрондук тармактарды жана видеоаналитика системаларын шаар аймагында, коопсуздук, транспорт тармагын жөнгө салуу боюнча кырдаалдык-мониторинг борборунун ишмердүүлүгүн колдонуу тууралуу маалымат беришти. Мындан сырткары шаар тургундары жана коноктору үчүн маанилүү болгон маалыматты […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.