
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалык кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул күн – мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуп келе жаткан кесипкөй адамдардын майрамы. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ар бири өлкө жүгүн аркалап, эл кызматында жүргөндөр. Учурда Ош шаарында жалпы 231 муниципалдык кызматкер […]
Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт. Конкурска катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: 1. Физикалык жактар үчүн – паспорт. 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын […]
Ош шаарында эл аралык йога күнү белгиленет

21-июнь күнү, «Алай» ФК академиясынын машыгуу талаасында эл аралык йога күнүнө карата саат 18:00дө иш-чара өтөт.
Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү. Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, 2 нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго […]
Ош шаарындагы Т.Турсунбаева көчөсү 19 метрге кеңейтилет

Т. Турсунбаева көчөсүн кеңейтүү иштерин баштоо боюнча бүгүн шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйын өттү. Аталган көчөнү кеңейтүү менен жол тыгындарынын алдын алуу жана жоюу каралган. Ошондой эле Ош-Бишкек автожолунан («Т-формасындагы айлампа») Ош шаарына кирүүчү кошумча жолдун ачылышы менен унаалардын каттамы дагы да көбөйөт. Андыктан ага чейин жолду кеңейтүү иштерин бүткөрүү каралган. […]
Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому кабыл алынып, токтомго ылайык, “Ош шаарынын мэриясынын мунипалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак жайларды мындан ары ипотекалык кредиттөө шарттында бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо жана “Ипотекалык кредиттөө шарттында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия […]
Базарлардын жана кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий узартылды

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийдин узартылгандыгын билдирет. 2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган. Белгилей кетсек, бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү […]
Ош шаарынын прокуратурасы тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардын ишкерлери жана бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29- январындагы ПЖ 3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 2021-жылдын 4-мартындагы ПЖ 61 сандуу “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 7-декабрындагы ПЖ 388 сандуу Жарлыгы менен “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын […]
Сыдыгалиев Бакытбек Өмүрбекович Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды

2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен, Ош шаарынын прокурору кызматына Сыдыгалиев Бакытбек Өмүрбекович дайындалды. Башкы прокурордун биринчи орун басары Б.Маатов жаңы дайындалган Б.Сыдыгалиевди Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана шаардын аймагындагы мекеме жетекчилерине тааныштырды. Б.Сыдыгалиев эмгек жолун 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй областтарынын прокуратураларынан баштап, Сокулук районунун, Балыкчы шаарынын Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын, Сузак, Базар-Коргон […]