Ошто июнь окуясы эскерилди

Ош шаарында 2010-жылы болгон каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз жоголгондор эскерилди. Шаардагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өтүп, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, окуя учурунда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. Окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.
Ош шаарынын борбордук базарынын соодагерлерине акысыз ККМ аппараттар тапшырылды

Ош шаарынын борбордук базарында Мамлекеттик салык кызматынын Ош башкармалыгынын тарабынан акысыз ККМ аппараттары тапшырылууда. Иш-чарага Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын, Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базар дирекциясынын өкүлдөрү катышууда. Бардыгы болуп арыз берген борбордук базардын 500дөн ашык соодагерлери акысыз ККМ аппараттарын алышат. Буга чейинда шаардагы базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык акысыз ККМ аппараттары тапшырылган. Ош […]
Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта мыйзамсыз, өзүм билемдик менен соода сатык иштерин жана оюн-зоок багытындагы иш аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Мында мыйзамсыз балмуздак саткан соода түйүндөр, велосипеддерди жана электросамокаттарды ижарага бергендер, уруксатсыз орнотулган аттракциондор аныкталып ишмердүүлүгү токтотулду. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, “Сулайман-Тоо” МАБнын кызматкерлери катышты. Аталган сейил бакта мындан ары да өзүм билемдик менен уруксаты жок орнотулган соода түйүндөрү, оюн-зоок аянттары болсо чара көрүлөрүн эскертебиз.
Ош шаарынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болду

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын жамааты, мекеме-ишканалардын эсепчилери катышышты. Марс Исаев мамлекетинин тарыхынын кайсыл гана мезгилин албайлы экономист менен финансистер өлкөнүн экономикалык-социалдык […]
Ош шаарында 21-июнда Эл аралык йога күнү белгиленет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин экинчи катчысы Ражни Верма менен жолугушту. Жолугушууда тараптар 21-июнь күнү Ош шаарында Эл аралык йога күнүн өткөрүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Марс Исаев Ражни Вермага ыраазычылык билдирип, буга чейин Ош шаарында эл аралык йога күнүн белгилөө салтка айланганын, бул иш-чараны өткөрүүгө […]
“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында 2023-жылдын 27-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө №195 токтомуна ылайык Абдуллаев Данияр Амановичке, Шарипова Салима Канатбековнага, Ражапов Ильяс Зундуевичке жана Акматалиев Абдылдажан Амантуровичке “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” төш белгилери жана күбөлүктөрү салтанаттуу түрдө тапшырылды. Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы […]
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги ХХVIII сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги ХХVIII сессиясынын жүрүшүндө күн тартибине ыйлайык каралган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Олимпиада оюндарына жолдомо алган мушкер Мунарбек Сейитбек уулун күйөрмандары тосуп алышты

Ош эл аралык аэропортунда Париж Олимпиада оюндарына бокс боюнча лицензиялык турнирди жеңип, лицензия уткан Мунарбек Сейитбек уулун Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кубатбек уулу Азат, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар жана спортчунун жакындары, күйөрмандары чогу тосуп алышты. Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу Бангкокто (Таиланд) өткөн лицензиялык турнирде өз салмак категориясында […]
Ош шаарында “Мекен артык өмүрдөн” аттуу алгачкы аскердик гала-концерти өттү

Бүгүн, борбордук аянтта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 29-май – КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө карата “Мекен артык өмүрдөн” аталышындагы гала-концерт болуп өттү. Иш-чарага КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек […]
Ош шаары менен Өзбекстан Республикасынын шаарлары ортосунда муниципалдык өз ара байланыштар бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде туризм, соода, инвестициялык өз ара байланаштырды бекемдөө, тиешелүү жол картасынын ишин кеңейтүү алкагында Ош шаары менен Андижан шаарынын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү багытында маселелер талкууланды. Марс […]