Кара-Кыргыз автономиялык областынын 100 жылдык мааракесине карата конференция өттү

Бүгүн, 5- апрель Ош мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялык областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган “Иманалы Айдарбеков -биринчи жетекчи” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан […]
Ош шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Бабур атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Сыйлоо аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров катышып, спортчуларга жаңы ийгиликтерди багындыруусун каалашты. Ошондой эле өткөн жылы эл аралык […]
Ж. Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө иштери май айында толук аяктайт

Ж. Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери уланууда. Узундугу 530 м туурасы 22 метр болгон жолго жаңыдан асфальт төшөлүп, 3 метрге кеңейтилген. Андан сырткары 420 даана бак-дарак отургузулган. Ошондой эле, заманбап жарыктандыруу, электр чубалгыларын иретке келтирүү, суугат системаларын орнотуу иштери да аяктаган. Учурда көрктөндүрүү, отургучтарды, тосмолорду орнотуу, таман таш басуу, иштери жасалууда.
Элдик Курултайдын Катчылыгы делегаттар менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Элдик Курултайдын Катчылыгынын кызматкерлери менен Ош шаарынын жана Ош облусунун Элдик Курултайынын делегаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Элдик Курултайдын катчылыгынын өкүлдөрү Майорбек Сатымкулов, Замирбек Көчөрбаев, Элзарбек Шаршенбек […]
Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Ош шаарында Ош көчөсүнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүктө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бузуу иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүп, «кызыл сызыктан» чыгып кеткен имараттарды алып салууда. Белгилей кетсек, жолдун узундугу 500 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган. Жумушту толук бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын […]
Жарнамалык маалыматтардын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча рейд бүгүн Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө улантылды

Аталган көчөдө жайгашкан соода-сатык түйүндөр, сулуулук салондор, тамактануучу жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынды. Мындан сырткары, мыйзамсыз илинген жарнамалардын ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди. Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик […]
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында […]
Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө

Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды даярдоо, шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн тарифтик ставка баалары жана эсептөө ыкмалары бекитилди. Толук маалымат тиркемеде. № 218 токтом 15.03.2024-ж.
Көңүл буруңуздар!

Ош шаары менен боордоштук мамиледе болгон Россия Федерациясынын Ростов-на- Дону шаарында 19-21-апрель күндөрү “Хакатон Жаз 2024” программалык камсыздоону иштеп чыгуучуларды форуму өтөт. Форумга катышууга Ош шаарынын жаштары чакырылат. Форумдун алкагында 800дөн ашык катышуучулардан турган командалар, анын ичинде 14 жаштан 35 жашка чейинки программисттер, дизайнерлер жана маркетологдор IT кейстерин чечишип, адистердин жардамы менен маалымат технологиялары боюнча […]
Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга болгон бааларды бекитүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-мартынын №431 токтомуна ылайык, Ош шаарында көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөрдүн катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, жайгаштыруу жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо кызматы үчүн болгон баалар тиркемеге ылайык бекитилсин. Токтом боюнча толук маалымат тиркемеде тиркелет. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга Токтому