Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ программасынын конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмеси

Ош шаарыны мэриясынын 2024-жылдын 27-мартындагы № 97-б “Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө программасынын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмеси тиркемеде Долбоордун жеңүүчүлөрү боюнча маалымат
Координациялык кеңеш Ош шаарындагы коомдук коопсуздукту талкуулады

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетектөөсүндө коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде “2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын Ош шаарынын аймагында ишке ашыруу жөнүндө” буйругунун аткарылышы боюнча баяндамалар жасалып, коомдук тартипти сактоо боюнча маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда тиешелүү органдарга жана […]
Жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд Курманжан датка көчөсүндө улантылды

Бүгүн, Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан имараттар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамаларды оңдоо жана алып салуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кээ бир менчик ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык […]
Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргенине 15 жыл толду

Бүгүн, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын 15 жылдыгына жана туристтик сезондун ачылышына арналган «Сулайман-Тоо – Улуу Жибек Жолунун боюндагы маяк» аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ЮНЕСКОнун, туроператорлордун, жогорку окуу жайлардын, мейманканалардын, консулдуктардын өкүлдөрү, туризм тармагында кызмат […]
«Салык чек» лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” акциясынын алкагында «Салык чек» лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Кыдыров катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, байгелерин тапшырышты. Белгилей кетсек, Ош шаарынан 78 […]
Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 1-апрелден тарта гидравликалык сыноо жүргүзүлө баштайт. Сыноолор 4 этап менен жүргүзүлөт. Жылуулук энергиясын пайдаланган керектөөчүлөр Ош жылуулук электр борборунун түтүкчөлөрүнө уланган жердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз. Гидравликалык сыноонун графиги: 1-этап: (1-апрелден, […]
КУЛАКТАНДЫРУУ

Ош шаарынын мэриясы “Ош шарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын” алкагында 2024-жылга карата тандалып алынган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт. “Турмуштук оор кырдаалга кабылган улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү; Үй-бүлөлүк жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук зомбулуктардын алдын алуу; Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу […]
№47 орто мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алып салынды

Ош шаарынын “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 орто мектебинин аймагындагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар ээсинин макулдугу менен буздурулууда. Белгилей кетсек, “Дорул-шифо” клиникасы узундугу 131 чарчы метрден ашуун чатырын, 35 чарчы метр жерге жайгашкан отказанын аталган мектептин короосуна куруп алган. Бүгүнкү күнгө чейин ижара акысы төлөнбөй, эч кандай уруксат кагазы жок иштетилип […]
Шаар башчысынын аймактарды кыдыруусу “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйынтыкталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, арыздарынын негизинде жер-жерлерде чечилбей келе жаткан маселелерин көрүп чыкты. Мэр Д.Садырбаев, К.Көчөбаев, Т.Атабаев, А.Сүйүнбаев, Мушкетов, Набережная, Т.Латибжанов, К.Исаков, Р.Юнусов, М. Ишматов көчөлөрүндө, Достук кичи районунда, дача конушунда, ошондой эле алыскы Алай-1-2 жана Эдельвейс аймактарында болуп, жергиликтүү тургундардын тротуарларды оңдоп-түзөө, көпүрөлөрдү, жолдорду кеңейтүү, […]
Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров пробация кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында, 2023-жылдын 4-кварталында өткөн жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, 2024-жылдын 1-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объектилердин тизмесин бекитүү, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүндө каттоодо турган жарандарга социалдык, медициналык жактан көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле пробация жаатында аткарылган жумуштарды “Пробация” санариптик […]