ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада шаар башчысы саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, калктын ден соолугун коргоодогу эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Майрамдык жыйын концерттик программа менен коштолду. Белгилүү ырчылар жана чыгармачыл топтор дарыгерлерге арналган ыр-бийлерин тартуулашты. Иш-чаранын алкагында бир катар медицина кызматкерлерине Ардак […]

Ошто жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет

Ош шаарында коомдук транспортту оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Жыйында шаарды айланма багытта тейлей турган жаңы муниципалдык автобус каттамынын схемасы бекитилди. Негизги максат – шаар тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жол убактысын кыскартуу жана автобустардын ишин натыйжалуу кылуу. Комиссия муниципалдык автоунаа ишканасы тейлеген бардык автобустук каттамдарды кайра каралып чыгып тийешелүү чечимдер кабыл алынды. Кийинки […]

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча рейд өткөрүлдү

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бүгүн, 3-июлда Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга жооп бербеген жарнак каражаттарын алып салуу, ошондой эле аларды […]

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан уникалдуу бала бакча ачылды

Ош шаарындагы №76 Курманжан-Датка бала бакчасы модернизациядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. Өз сөзүндө Масуда Айдарбекова тыгыз кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган бала бакча менен ата-энелерди, тарбиячыларды куттуктады. Бала бакчаны реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин “Климаттык […]

Коомдук угуу: “Жеткинчек” балдар лагеринин курулуш долбоору коомдук угууга коюлат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” курулуш ченемдеринин 1-тиркемесинин 7-пунктуна ылайык, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет: Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагындагы Ормонов көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар лагеринин курулуш долбоору коомдук угууга коюлат. Эскерте кетсек, аталган долбоор быйыл […]

Ошко “Көчмөндөр жолу” мотожүрүшү келди

 Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтына “Көчмөндөр жолу” аттуу Эл аралык мото-экспедициянын мүчөлөрү келди. Аталган жүрүш 2016-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү арасында достукту чыңдоо, өлкөлөрдү дүйнөгө таанытуу максатында уюштурулуп келет.  Саякатчыларды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова тосуп алып, мэриянын атынан белектерди тапшырып, ак жол каалады.  Бул жолу экспедицияда 100 дөн ашуун катышуучу бар. Алар […]

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан уникалдуу бала бакча ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы №76 Курманжан-Датка бала бакчасы модернизациядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. Өз сөзүндө Масуда Айдарбекова тыгыз кызматташтык үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган бала бакча менен ата-энелерди, тарбиячыларды куттуктады.  Бала бакчаны реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин […]

Ошто “Жаштардын креативдүү хабы” ачылды

Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди.  Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Ош шаардык Кеңештин депутаттары, шаардын жаштары жана активисттери катышты.  “Молодежный Креативный Хаб” долбоору 2020-жылы “Youth of Osh” коомдук уюму тарабынан ишке ашырыла баштаган. […]

Ош шаарында коррупцияга каршы аракеттенүү жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

 Бүгүн, Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.  Жыйындын биринчи бөлүгүндө Ош шаарындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө жана жеке менчикке өткөрүп берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ошондой эле Билим берүү башкармалыгынын карамагындагы же ага тиешелүү […]

Ошто жаңы айланма автобус каттамы ишке кирет

 Ош шаарында коомдук транспортту оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.  Жыйында шаарды айланма багытта тейлей турган жаңы муниципалдык автобус каттамынын схемасы бекитилди. Негизги максат – шаар тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жол убактысын кыскартуу жана автобустардын ишин натыйжалуу кылуу.  Комиссия алдыда муниципалдык автоунаа ишканасы тейлеген бардык автобустук каттамдарды кайра карап чыгат. Каттамдар шаардагы жаңы жолдорго […]