ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто “Эко Азык” борборунун канализациясы жаңыланат

Ош шаарындагы “Эко Азык” соода-логистикалык борборунун саркынды суу түтүктөрү шаардык канализацияга туташтырылат. Долбоор Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасынын алкагында ишке ашат. Бул үчүн Х.Каримов көчөсүндөгү борбордун саркынды суу системасы толук жаңыланат. Бул ишкананын экологиялык абалын жакшыртат жана шаардык тармакка туруктуу туташууну камсыз кылат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн 852 миң сом. Анын 10 […]

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу тартиби тууралуу маалымат

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тартып жаңы мамлекеттик жөлөкпул — «Бала ырысы» киргизилди. Жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 1200 сомду түзөт жана бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин бардык балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан төлөнөт. Жөлөкпулду алуу үчүн балага жеке идентификациялык номер (ПИН) берилип, ал алуучу (ата-энеси) менен чогуу жашаган болушу керек. Эгер үй-бүлөдө эгиз же андан […]

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы өтүүдө

Ош шаары, 17-июнь Бүгүн Ош шаардык депутаттар кеңешинин XXI сессиясы өтүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов баштаган эл өкүлдөрү, мэрдин орун басарлары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Күн тартибине: 1. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. 2. Ички жана […]

Абакир уулу Төрөбек көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Ошондой эле калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты. Аталган […]

LED-экран орнотуу үчүн жер тилкелери аукционго коюлат

    Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин жарнамалык LED-экрандарды орнотуу максатында убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрөрүн жарыялайт.   Лот № Жердин дареги Максаты Жер тилкенин аянты (м2) ЛЭД-экрандын аянты (м2) Старттык баасы  бир жылга (сом) 1 Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүндөгү “Неман” дарыканасынын жанында жайгашкан жер […]

КУЛАКТАНДЫРУУ: Ошто “акылдуу аялдама” курууга аукцион

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы эски аялдамалардын ордуна 30% тейлөөчү жайы бар заманбап “акылдуу аялдамаларды” курууга аукцион жарыялайт. Лоттор: 1. И. Раззаков көчөсү, “МПА” май куюучу жайынын маңдайы — 38,8 м², 2522 сом/ай. 2. Алымбек-Датка көчөсү, Ныязалы атындагы муз. окуу жайынын жаны — 30,0 м², 2730 сом/ай. 3. Т. Касымбеков көчөсү, “Манас” айкелинин чыгышы […]

Муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт. № Жер тилкенин дареги Аянты Аукциондун старттык баасы Мөөнөтү Максаттык багыты 1 Ош шаарынын Алымбек-Датка көчөсүнүн №942 дарегиндеги “Ош унаа бекети” муниципалдык ишканасынын айланасындагы жер тилкеси 77,75 чарчы метр 335 880 сом 1 […]

Ошто бир күндө 10 жаңы сквер ачылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн алкагында бүгүн, 10-июнь шаарда 10 заманбап сквер пайдаланууга берилди. Буга чейин каралбай келген аймактар толугу менен жаңыланып, тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айланды. Бардык иштер “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды. Жаңы скверлердин даректери: 1. И.Раззаков көч., №38 үйдүн арты 2. А.Шакиров […]

Ошто инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу өттү

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган «Инвестициялык багыт: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аттуу семинар өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирланбек Орозбаев, жана Кыргыз Республикасынын […]

Ошто таланттуу жаштар жана жеңүүчүлөр сыйланды

Ош шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлгөн «Этно бий» республикалык сынагында баш байгени жеңип алган «Арууке» бий ансамблинин жана Бишкек шаарында өткөн «Жаштар ЭКСПО» көргөзмөсүндө кубоктун жеңүүчүсү Enactus командасы сыйланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Ош Масуда Айдарбекова жана Ош шаардык кеңештин төраганын орун басары Ниязбек Нурбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, «Арууке» бий […]