Ош шаарында жер мунапысы боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысына байланыштуу кабыл алынган Жарлыгы жана Тескемесинин алкагында жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Ош шаарында өтүүдө. Жыйындын максаты — жер мунапысынын алкагында каралып жаткан жер участоктору боюнча келип чыккан маселелерди толук, объективдүү жана мыйзам талаптарына ылайык кароону камсыз кылуу. Маалымат үчүн: Ош шаары боюнча жалпы 4685 […]
Ош шаарында Президенттин катышуусунда 543 батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Асман Резиденс 1» турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Салтанаттуу аземге Президент Садыр Жапаров, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жарандар жана баатир ээлери катышты. Өлкө башчы өз сөзүндө азыркы тапта Кыргызстанда МИКтин 80 миңден ашуун батири курулуп жатканын, ар бир жаран үйлүү болушу керек деген […]
Ош шаарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору талкууланды

2026-жылдын 4–5-июнь күндөрү Ош шаарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун коомдук талкуулоо боюнча жыйындар өткөрүлдү. Иш-чаралар шаардын бардык 9 МАБ/ААБында уюштурулуп, ага жергиликтүү тургундар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар активдүү катышышты. Жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун мазмуну менен таанышып, өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Жыйындардын жыйынтыгында бардык сунуштар жалпыланып, Уставдын акыркы редакциясын даярдоодо эске алуу […]
Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарына поликлиника курулат

Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэриясы менен «Аракет» долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул демилге жергиликтүү тургундардын муктаждыгынын жана коомчулуктун сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу кош каржылоонун алкагында ишке ашырылат. Долбоор Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Поликлиниканын курулушу жаңы конуштардагы миңдеген тургундар үчүн […]
Ош шаарында заманбап Жаштар борбору пайдаланууга берилди

Ош шаарында заманбап Жаштар борбору пайдаланууга берилди Бүгүн, 3-июнда Ош шаарында Жаштар борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты. Шаар мэри студенттерге шаар аймагында 13 жаңы […]
Ж. Акаев ПРООН өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын мониторинг миссиясынын делегациясы менен жолугушту. Тараптар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, андан аркы кызматташуунун келечегин карашты. Мэр Ж.К. Акаев өз сөзүндө Ош шаары үчүн абанын булганышы, жашылдандыруу, суу ресурстарын сактоо маселелери актуалдуу экенин белгилеп, комплекстүү экологиялык анализ жүргүзүүгө […]
Ош шаарында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар жана мугалимдер катышты. Өз куттуктоосунда мэр Жанарбек Акаев шаарда балдар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет катуу экенин, жакын арада балдардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн атайын автобус ишке кирээрин айтты. Белгилей кетсек, бул мектеп […]
Кулактандыруу!

Долбоор Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ Биз, Ош шаарынын жергиликтүү жамааты, көп улуттуу калктын биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты чыңдоону, шаардын бардык аймактарынын тең салмактуу жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууну, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана жоопкерчилигибиз менен чечүүнү, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга кеңири катышуусун камсыз кылууну максат кылып, жергиликтүү жамааттын […]
Борбордук аянтта айт намазы окулду

Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтында айт намазы окулду. Ага шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, шаар тургундарын жана конокторду Курман Айт майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы ар бир үйгө береке, ынтымак, өлкөбүзгө туруктуулук, өсүп-өнүгүү каалады. Быйыл Борбордук аянттагы айт намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.
Ош шаарында сел коркунучуна каршы даярдык күчөтүлдү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өттү. Анда шаардагы сел жүрүү жана суу каптоо коркунучтарынын алдын алуу маселеси каралды. Жыйынга шаардык мэриянын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Жаз мезгилиндеги нөшөрлүү жаан-чачындардан улам шаардын айрым аймактарындагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоо фактылары катталууда. Шаар мэри Ж.Акаев бул маселеге […]