Шаардык коммуналдык кызматтарга жана кайгуул кызматына жаңы техника менен жеңил унаалар берилди

Бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына 8 жаңы атайын техника (2 “Shacman” маркасындагы жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор, 2 автожүктөгүч, 2 манипулятор) жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматына 4 жаңы жеңил унаа тапшырылды. Техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген заманбап техникалар менен жеңил унаалар […]
Ж.Касымбеков көчөсүндө жашыл аймактар түзүлүп, тротуарлар курулат

Бүгүн 17-мартта таң эрте менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ж.Касымбеков жана “Достук” чек ара бекетине кеткен Кулигов көчөлөрүнүн абалын текшерди. Рейд учурунда шаар башчысы тиешелүү кызматтарга аталган көчөлөрдүн сырткы көрүнүшүн оңдоо, иретке келтирүү, аны менен бирге жашыл аймактарды түзүү, кызыл сызыктан чыккан курулуштарды бузуу, тротуарларды куруу, санитардык тазалоо, жашылдандыруу […]
Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

Бүгүн, 16-марттан 17-мартка караган түнү саат 00:00дө жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.
Ош шаарында жолдорду жамоо иштери жүргүзүлө баштады

«Ош шаардык жолдор башкармалыгы» муниципалдык ишканасы Ленин жана Г.Айтиев көчөлөрүндө жолдорду жамоо иштерин жүргүзүүдө. Ленин көчөсү менен кесилишкен Сүйүмбаев көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейин 250 чарчы метр, ал эми Г.Айтиев көчөсүндө 600 чарчы метрди түзгөн жолдор оңдолот. Мындан тышкары Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров жана Ж.Касымбеков көчөлөрүндө дагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Шаар мэри салык кызматынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды ачыкка чыгаруу боюнча укук коргоо органдарынын, шаардык салык кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда кеңейтилген аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында шаар башчысы салык кызматкерлерине кайрылып, бир катар тапшырмаларды койду. Алсак, шаар аймагында көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды ачыкка чыгаруу менен салык органдарына […]
Шаар ичиндеги көрүстөндөрдү сыртка чыгаруу сунушталууда

Ош шаарынын аймагында жалпы аянты 200 гектарга барабар 49 көрүстөн бар. Ал эми алардын ичинен жабылып, сөөк коюлбай калган көрүстөндөрдүн саны 14тү түзөт. Учурда шаар аймагында 35 көрүстөн иштетилип жатат. Бул деген шаардын туш тарабы көрүстөндөр менен курчалып калгандыгын билдирет. Жабылган көрүстөндөргө арты 30 жыл болсо, алды 40-50 жылдан ашкан беш мүрзө жай бар. Бул […]
Ош шаарында мектеп окуучуларына республикалык агартуу кампаниясынын алкагында жашы жете элек балдардын эмгек укуктары боюнча семинар өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Кыргызстандагы тпрофсоюздар федерациясы тарабынан 9-11-класстын окуучуларына арналган семинар уюштурулду. Семинар жаш жеткинчектердин экономикалык эксплуатация, анын ичинде балдар эмгеги боюнча проблемаларды чечүү, ошондой эле жаштардын жана иш берүүчүлөрдүн эмгек укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага […]
Ош шаарында 8-март-Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты. Шаар мэри Аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, […]
Ош шарында ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин уюштуруусунда улуттук баш кийим ак калпактын урматына жөө жүрүш өттү. Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын 1000ге жакын студенттери катышты. Салтанаттуу жүрүш патриоттук демди көтөрүүчү ураандар менен коштолду.
Ош шаарында сот кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 5-март – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо иш-чарасы өттү. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров тапшырып, сот тутумунда үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.