ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Оштогу жылуулук электр борбору тарабынан 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 1-апрелден тарта гидравликалык сыноо жүргүзүлө баштайт. Сыноолор 4 этап менен жүргүзүлөт. Жылуулук энергиясын пайдаланган керектөөчүлөр Ош жылуулук электр борборунун түтүкчөлөрүнө уланган жердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз. Гидравликалык сыноонун графиги: 1-этап: (1-апрелден, […]

КУЛАКТАНДЫРУУ

Ош шаарынын мэриясы “Ош шарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын” алкагында 2024-жылга карата тандалып алынган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт. “Турмуштук оор кырдаалга кабылган улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү; Үй-бүлөлүк жана балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зордук зомбулуктардын алдын алуу; Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу […]

№47 орто мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алып салынды

Ош шаарынын “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 орто мектебинин аймагындагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар ээсинин макулдугу менен буздурулууда. Белгилей кетсек, “Дорул-шифо” клиникасы узундугу 131 чарчы метрден ашуун чатырын, 35 чарчы метр жерге жайгашкан отказанын аталган мектептин короосуна куруп алган. Бүгүнкү күнгө чейин ижара акысы төлөнбөй, эч кандай уруксат кагазы жок иштетилип […]

Шаар башчысынын аймактарды кыдыруусу “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйынтыкталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, арыздарынын негизинде жер-жерлерде чечилбей келе жаткан маселелерин көрүп чыкты. Мэр Д.Садырбаев, К.Көчөбаев, Т.Атабаев, А.Сүйүнбаев, Мушкетов, Набережная, Т.Латибжанов, К.Исаков, Р.Юнусов, М. Ишматов көчөлөрүндө, Достук кичи районунда, дача конушунда, ошондой эле алыскы Алай-1-2 жана Эдельвейс аймактарында болуп, жергиликтүү тургундардын тротуарларды оңдоп-түзөө, көпүрөлөрдү, жолдорду кеңейтүү, […]

Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров пробация кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында, 2023-жылдын 4-кварталында өткөн жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, 2024-жылдын 1-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объектилердин тизмесин бекитүү, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүндө каттоодо турган жарандарга социалдык, медициналык жактан көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле пробация жаатында аткарылган жумуштарды “Пробация” санариптик […]

Мээркан айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Шаар башчысы куруучуларга бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди. Долбоорго ылайык, мектеп 225 орундуу болуп, спорт зал, ашкана, откана жана суу сактоочу кампа каралган.

Мэр Бакытбек Жетигенов Жапалак айылындагы көйгөйлөрдү жеринен көрдү

Бүгүн, 25-март күнү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын арыздарынын негизинде аталган маселелерди жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине аймактагы инфраструктуралык маанидеги маселелерди чечүү, кээ бирин келерки жылга карата иш-планга киргизүү боюнча тапшырмаларды берди.

А. Макаренко мектебиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын аймагын баштапкы калыбына келтирүү иштери башталды. Бүгүн, мектептин аймагындагы чарбалык жана коммерциялык багыттагы эки мыйзамсыз курулуш алып салынууда.

Ошто 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 23-марттан 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

Ош шаарына жаңы 100 даана автобус келди

Нооруз майрамынын алкагында жаңы келген автобустар расмий тапшырылды. Келген автобустарды жана жол техникаларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” заводунун өкүлдөрү шаар тургундары менен биргеликте көрүп чыгышты. Белгилей кетсек, жаңы автобустар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынган. Автобуста жалпы 25 […]