ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук өнөктүгү өттү

Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан […]

Оштун символу мажүрүм тал Ак-Буура жээгине отургузулду

Бүгүн, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «Бир жарандан – бир дарак» аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз. Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 миңге жакын […]

Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында эртең, 16-мартта менчигинин түрүнө карабастан шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, шаар тургундарынын катышуусунда жалпы ишембилик өтөт. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.

ЖАРЫЯ!

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу, «D» категориясындагы 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка кабыл алат. Байланыш үчүн номерлер: +996 500 040 664; +996 553 407 046; +996 224 088 585.

Коммуналдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты. Бакытбек Жетигенов шаардын көркүнө көрк кошуп иштеп келе жаткан коммуналдык кызматкерлер шаардын күзгүсү, өнүгүүнүн башаты экенин белгилеп, күжүрмөн эмгеги жана аракети менен […]

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен болгон жолугушууда берген убадасына ылайык жашоочулар менен бирге көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, таанышып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Урицкая, Краснофлотская, МЖК-1-2, Ш.Руставелли, Гастелло, Р.Абдыкадыров көчөлөрүн, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Черемушки кичи райондорун кыдырып чыгышты. Аны менен катар Ноокат […]

Ош шаарында жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү

Бүгүн, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү. Текшерүү алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик тил Мыйзамынын талабына жооп бербеген, эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын […]

Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү

Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү оорууга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди. Угууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун доценти, геоэкология боюнча адис Абдижапар Аккулов, шаардык кеңештин депутаттары, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» […]