ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү

Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү оорууга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди.
Угууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун доценти, геоэкология боюнча адис Абдижапар Аккулов, шаардык кеңештин депутаттары, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, эколог-агрономдор, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Демилгеге ылайык, Курманжан датка көчөсүнүн А.Навои көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыктагы 560 түп ылаңдаган бак-дарактар лабораториялык анализден өткөрүлгөн соң алынып, алардын ордуна 700 түп клён көчөттөрү отургузулат.
Мындан тышкары, Курманжан датка көчөсүнүн Р.Абдыкадыров көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкка 1200 түп заманбап бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео