ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Казакстандын Элчисин кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттары талкууланды. Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да […]

Айтылган убада аткарылды: Ош шаарында жаңы балдар ойноочу аянты пайдаланууга берилди

Ош шаарында балдарга арналган жаңы ойноочу аянты пайдаланууга берилди. Ал А. Масалиев 58 дарегинде жайгашкан. Эске салсак, аталган даректин жашоочулары буга чейин балдар аянты жок экенин айтып, мэрияга кайрылуу кылышкан. Жаңыланып, колдонууга берилген бул аянт эми балдардын эң сүйүктүү жайына айланат. Мында балдар үчүн футбол аянтчасы дагы курулуп, зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү. https://www.facebook.com/share/v/1BuzympJV6

Ош шаарында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын уюштуруусунда Бабур атындагы театрда өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ниязбек Нурбаев, маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар жана шаар тургундары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин […]

Ош шаарында “Түштүк Экспо” жармаңкеси өтүүдө

Ош шаарында “Түштүк Экспо-2026” жарманкеси өтүп жатат. Иш-чарада жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкан-фермерлердин жана чет өлкөлүк ишкерлердин продукциялары коюлду. Иш-чарада Ош шаарынын жана облустун райондорунан келген дыйкан-фермерлер айыл чарба продукцияларын сунушташууда. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр менен катар Орусия, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер өз товарларын тартуулашууда. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Айыл чарба […]

Ош: Инвесторлор менен өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлор талкууланды

Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев бүгүн кытайлык курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулады. Сүйлөшүүнүн алкагында заманбап жылуулук борборун жана зарыл өнөр жай ишканаларын куруу, ошондой эле шаардык инфраструктураны чыңдоо жана жаңы өндүрүш объектилерин ачуу маселелерин карашты. Кытай тарап сунушталган демилгелерге чоң кызыгуу билдирип, өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө даяр […]

Ош шаарында заманбап күнөскана комплекси ишке берилди

Ош шаарында «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы үчүн жаңы заманбап күнөскана комплекси пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күнөскана комплекси мурдагы эски бассейндин ордуна курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын январь айында башталып, сентябрь айында аяктаган. Комплекстин жалпы аянты 5 800 […]

Ошто жаңы унаа токтотуучу жайы пайдаланууга берилди

Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, эреже бузган жана ээсиз калтырылган транспорт каражаттарын иретке келтирүү максатында атайын унаа токтотуучу жайы уюштурулуп, бүгүн пайдаланууга берилди. Жаңы ачылган объекттин абалы, түзүлгөн шарттары жана аткарылган курулуш иштери менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жеринен таанышып чыгышты. Объект Ж. Раимбеков жана […]

Ош менен Бразилия: кызматташтыктын жаңы барагы ачылууда

Бүгүн 21-сентябрда, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Айыл чарба тармагында заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын жергиликтүү […]

Жашыл Ош: 6 айда — 30 жаңы сквер

Буга чейин кароосуз, бош жаткан жана көрктөндүрүүгө муктаж болгон аймактар бүгүн шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жайларына айланды. Акыркы 6 айда Ош шаарында 30 жаңы сквер жана сейил бактар пайдаланууга берилип, шаардыктар үчүн сейилдөөгө жана эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. И. Раззаков, А. Масалиев, Курманжан датка, Өзгөн жана башка көчөлөрдө жаңы коомдук мейкиндиктер пайда […]

Кулактандыруу!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык мүлктөрдү аукцион аркылуу убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Аукционго коюлуучу объекттер: 1. Ош шаарынын Курманжан датка көчөсү №243/1 дарегинде жайгашкан, жеңил типтеги конструкциядан курулган гүл сатуучу павильондун бөлмөлөрү: – 1.4-лот – 16,54 м², старттык баасы – 4 921 сом/ай; – 1.6-лот – 16,54 […]