ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарандарды кабыл алуу: Эрнис Толтоев шаар тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын, сунуштарын жана өтүнүчтөрүн укту.
Кабыл алууга мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери дагы катышты.
Жолугушууда шаар тургундары документтерди тариздөө, материалдык жардам алуу, жер тилкелерине байланышкан талаш-тартыштарды чечүү, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, шаардын четки аймактарын таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо жана башка коммуналдык маселелерди көтөрүштү.
Эрнис Толтоев ар бир кайрылууну кунт коюп угуп, тиешелүү маселелерди чечүү боюнча жооптуу кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Окшош жаңылыктар

toplivnye-brikety-vs-ugol-chto-vygodnee-dlya-otopleniya-doma-v-podmoskove-2

Ош шаарында жылуулук берүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

886376459_1471230011862558_4309876106349176822_n

Ош шаарында маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

4022796.1013a6e75cbf6b33b4252563064ef098

Ош шаарында жылуулук бериле баштады

872012327_1471009351884624_831026743434747127_n

Ош шаарынын мэри жаңыланган социалдык мекеменин иши менен таанышты

881626193_1570659625082491_3458595187628596283_n

Туризм жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды

a103cb0f-e846-475b-9fb2-a8983faf550d

Ы. Монуев көчөсү толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Видео