Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына барып, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараттын абалы жана кызматкерлер менен жарандар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы мекеменин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү, эмгек шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу пикир алышты.
Мэр калкты социалдык жактан колдоо багытында кызматкерлердин аткарып жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле социалдык контракттын негизинде жардам алуучуларга сертификаттарды, ал эми Жаңы-Маала конушунун айрым тургундарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү тапшырды.
Мындан тышкары, жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, кызмат көрсөтүү процессин санариптештирүү жана документтерди тариздөө жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча сунуштарын айтты.

