Ош шаарында муниципалдык үлүштүк үйлөр курулуп жатат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан салынып жаткан муниципалдык үлүштүк курулуш программасы боюнча үйлөрдү куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мында №6 Тилеке-Баатыр, №48 А Ашимахунов, №3 Набережный дарегендеги үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп чыкты. Орун басар З. Юсупов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү керектигин билдирди.
Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндө жаңыдан курулушу башталган муниципалдык күрөш залы менен таанышты. Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

21-октябрда саат 17:00дө Бабур театрында Санкт-Петербург шаарынын А. М. Красноперец атындагы “Атаман” чыгармачыл тобунун концерти өтөт. Кирүү акысыз!
Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу форуму өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү ордун жогорулатуу, аларга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, көйгөйлөрүн жөнгө салуу, коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматты жеткирүү максатында “Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу” аталышында форум өткөрүлдү. Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Н. Кадыров бул багытта үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктар […]
Абанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Ош аймактык кеңсесинин башчысы А. Сулайманова баштаган уюмдун өкүлдөрү менен жолукту. Жыйындын жүрүшүндө абанын булганышынын балдардын жана аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу максатында экологиялык ченемдерди сактоо, булганууга каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. ЮНИСЕФтин адистери мындан ары жергиликтүү бийликке тиешелүү сунуштарды […]
“Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Бүгүн, «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, күч түзүмдөрдүн, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жетекчилери, жергиликтүү […]
“Үлүштүк курулуш” долбоору алкагында дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарында «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, турак-жай 96 батирден турат. Үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. […]
Ага Хан мектеби 20 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 13-октябрда Ага Хан мектебинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, билим берүү мекемеси окуу процессине заманбап технологияларды ийгиликтүү киргизүү менен бирге билим берүү тармагын ар тараптуу өркүндөтүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгилеп, мектептин маанилүү датасы менен куттуктады. Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары окуу процессинде үйрөнгөн интерактивдүү […]
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча семинар өттү

Бүгүн, Ош шаарынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулунун жетектөөсүндө, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда “Коррупция, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө, алдын алууга саресеп” аталышында семинар өткөрүлдү. Анын алкагында, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов, Ош шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору Самат Жунусов баяндама жасашты. Семинардын […]
Санариптештирүү – өзгөрүүлөрдүн доору. Санарипке кошул!

Ош шаарынын тургундары өзүн, үй-бүлө мүчөлөрүн, үй чарбасын санарип аймак маалымат тутумуна каттоодон өткөрүүсү учур талабы. Ош шаарынын мэриясы, шаардын бардык аймактарынын тургундарына эскертет, 2023-жылдын 20-октябырына чейин, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкта санарип аймак маалыматтык тутумуна каттоо иш-чарасы жүргүзүлөт. Тутумга кирүү үчүн сизден төмөнкү документтер талап кылынат: -Паспорт жана үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн өздүгүн тастыктаган докүменттеринин көчүрмөсү; […]