Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери, 2023-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардык коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынынын аппаратынын, шаардык мекеме-ишканалардын бир катар жетекчилери, кызматкерлери төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин төш белгилери, Жогорку Кеңештин ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.