ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: 600 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү

Бүгүн, С. Ибраимов атындагы ОУДТда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2024” майрамы болуп өттү.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана окууларында албан ийгиликтерди каалады.
Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы көрсөтүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды.
Соңунда майрамга катышкан бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео