Дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды

“Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде Сулайман-Тоо кубогу үчүн уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды. Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, Бүткүл дүйнөлүк «Алыш күрөш» федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар […]
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин жетектөөсүндө Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышуусунда экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында Ош шаарынын 2023-2033-жылдарга карата экологиялык фонун сактоо жана жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, экологиялык абалды өнүктүрүү концепциясынын алкагында энергетика жана жылуулук системасын, транспорттук каражаттарынын шаар аймагынан сырткары кошумча багыттарын карап чыгуу, таштандыларды кайра иштетүү […]
Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Бүгүн, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт болуп өттү. Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам […]
Шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон мекеме-ишканалардын кызматкерлери сыйланды

Ош шаарынын күнүнө карата, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан жана барандуу салым кошкон мекеме-ишканалардын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары жана жеке ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Шаар күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү

Бүгүн, борбордук аянтта Ош шаарынын күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында, ар кандай ыкма менен велосипед тебүү, стритбол оюну боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ошондой эле, авто-мото сүйүүчүлөрдүн “OFF-ROAD”, “Бернаут”, “Дрифт” шоулары көрсөтүлүп, КВН жана хип-хоп топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кичи футбол жана волейбол боюнча шаар кубогу жыйынтыкталды

Бүгүн 5-октябрь, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын күнүнө карата 18-35 жаштагы жаштар арасында өткөрүлгөн кичи футбол жана волейбол боюнча шаардын кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болуп, аларга кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылып, мыкты оюнчулар акчалай сыйланды: – 1-орун, “УСМ” тобу (100 миң сом); – 2-орун, “Шелк комбинат” тобу (50 миң сом); […]
Эл аралык карыялар күнүнө карата улгайган жарандарга сый көрсөтүлдү

Бүгүн, Эл аралык карыялар күнүнө карата Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен, ооруктун эмгекчилеринен, социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж карыялардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басарлары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү улгайган жарандардын үйлөрүнө барып, аларга акчалай белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты. Айта кетсек, муниципалдык кызматтар […]
Мэр: шаар аймагындагы жергиликтүү демилгелер колдоого алынат

Бүгүн, “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгында Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен жеке ишкер тарабынан курулган үстү жабык футбол талаасынын ачылышы болду. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, Ош шаарынын мэриясы шаардын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдоого даяр экенин билдирди. «Аймактарды өнүктүрүү – биздин […]
Шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча жарыш өттү

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү. Жарыштын ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын, уюмдардын эмгек жамааттары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, укук коргоо органдары, күч […]
ОШ ШААРЫНЫН КҮНҮНӨ КАРАТА ЧОҢ ГАЛА КОНЦЕРТ

Ош шаарынын мэриясы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 5-октябрь саат 19:00дө Ош шаарынын күнүнө карата Чоң программадагы гала концертке чакырат. Майрамдык кечеге JAХ 02.14, Италиядан IN GRID, Өзбекстандан Хамдам Собиров, Гүлзада Рыскулова, Америка кошмо штаттарынан BAD BOYS BLUE, Россиялык DJ BAKS жана Кыргыз эстрада жылдыздары катышат. Шаарыбыздын туулган күнүн чогу тосолу. Кирүү акысыз.