ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр «Боорукердик» үй-интернаттын жаңы имаратынын курулушу менен жеринде таанышты

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Боорукердик» үй-интернатында болуп, мекеменин 64 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Калаа башчы улгайган жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге курулушун жумуштарын тез арада бүткөрүү талабын койду.

Нандын баасын жогорулатпоо маселеси каралды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов нан сатуучулары менен кеңешме өткөрдү. Анда ата-мекендик ун өндүрүүчүлөр чыгарган ундан жасалган нандын баасын негизсиз жогорулатпоо, туруктуу кармоо боюнча чогу иш жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн ундан жасалган нандардын айырмасы дээрлик жок экени белгиленди. Нан өндүрүүчүлөргө сыноо иретинде 10 күндүн ичинде экономика жана […]

Мэр жарандардын кайрылууларын жеринде угууда. Аймактык башкармалыктардын инфраструктурасы жакшыртылат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177-көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугушту. Жергиликтүү тургундар калаа башчысынан С. Айни көчөсү менен кесилишкен жерден №10 автобустун акыркы аялдамасына чейин 1,5 чакырым жолду асфальттап берүүнү суранышты. Мэр келерки жылы аталган жолго асфальт төшөө боюнча бюджетке киргизилээрин билдирди. «Келерки жылы шаардын кичи райондорунун жолдоруна асфальт төшөө […]

Ош шаарындагы 31 жалпы билим берүүчү мектептердин жер аянттары кимдерге, качан, эмнеге берилгендиги боюнча маалымат

1. № 4 С.М. Киров атындагы орто мектеби. 1. № 4 С.М. Киров атындагы мектебинин түндүк-чыгыш тарабында Ленин көчөсүндөгү № 313 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу 8-батирлүү турак үйүнүн айланасындагы тиешелүү жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана тариздөө (ПЗУ) үчүн; 2. № 4 С.М. Киров атындагы мектебинин түндүк тарабында В. Ленин көчөсүндөгү № 313 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу […]

Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды

Бүгүн, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү. Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты. Иш-чаранын ачылышына жана […]

Ош шаарында жергиликтүү өндүрүштөгү унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ундун баасын жөнгө салуу жана бул боюнча калк арасында тушүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, борбордук базардын жетекчилиги катышты. Жыйындын […]

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

Отурумду Ош шаарынын мэринин орун басары, пробация боюнча кеңештин төрагасы Нурбек Кадыров алып барды. Жыйындын күн тартибинде пробация кардарларынын өздүгүн тастыктоочу документтерин калыбына келтирүү, медициналык кароодон өткөрүп, дарылануусуна көмөк көрсөтүү, 2023-жылдын 3-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объекттердин тизмесин бекитүү боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүнүн иш кеңселери жөнүндө маселени чечүү […]

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын Т.Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан-Датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүм-Бий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочулары! Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрынан 17-октябрына чейин абоненттерге жылуулук энергиясын жеткирүүчү түтүктөрдү жогорку басым менен гидравликалык сыноо жүргүзөт. Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып […]

Коммуналдык түтүктөрдү алмаштыруу иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жылуулук мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, Курманжан-Датка менен Ленин көчөлөрүн кыдырып, коммуналдык кызматтар тарабынан жер астындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мэр алгач Курманжан-Датка менен Кыргыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» көмөк чордону тарабынан узундугу 550 метр газ түтүгүн алмаштыруу иштердин жүрүшүн көрүп […]

Ош шаары менен Шымкент шаарынын ортосунда бир тууган шаар меморандумуна кол коюлду

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 2023-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Казакстан Республикасынын Тараз шаарында өтүп жаткан кыргыз -казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын I аймактар аралык кызматташтык форумуна катышууда. Иш-чаралардын алкагында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин […]