ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Ош шаарынын Т.Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан-Датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүм-Бий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочулары!

Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрынан 17-октябрына чейин абоненттерге жылуулук энергиясын жеткирүүчү түтүктөрдү жогорку басым менен гидравликалык сыноо жүргүзөт.

Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн күндөрдү эске алып, мүмкүн болушунча үйүӊүздөрдө калууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз.

Эскертүү: «Жылуулук камсыздоо» ишканасы авариялык учурларга жооп бербейт!

Байланыш телефондору:

+996551113371,

+996777113371,

(0322) 5 07 90.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео