ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

Отурумду Ош шаарынын мэринин орун басары, пробация боюнча кеңештин төрагасы Нурбек Кадыров алып барды.

Жыйындын күн тартибинде пробация кардарларынын өздүгүн тастыктоочу документтерин калыбына келтирүү, медициналык кароодон өткөрүп, дарылануусуна көмөк көрсөтүү, 2023-жылдын 3-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объекттердин тизмесин бекитүү боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүнүн иш кеңселери жөнүндө маселени чечүү жолдору талкууланып, бир катар сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында пробациянын кардарларын кайрадан социалдаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга социалдык коргоо тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео