Ош мэриясы электро мобилдерге өтүүдө

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар казынасын үнөмдөө жана экологиялык жактан зыянсыз унааларга өтүүнү демилгелеп шаардык мэриянын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык унааларын электромбилдерге өткөрүүдө. Бүгүн жаңы алты электромобиль унаалары шаардык кеңеш төрагасына жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчиге тапшырылды. Алсак Ош шаарынын мэриясынын автогаражындагы унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май коротуп, сатып алууга […]
Ош шаардык Кеңешинин XV сессиясы өттүдө

Сессияга Ош шаарынын мэринин орун басарлары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, шаардык мекеме-ишканалардын, кызматтардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышууда. Күн тартибине төмөнкү маселелер бар: 1. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шааарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” токтому жөнүндө. 2. Мамлекеттик менчиктеги айрым […]
Ош шаарында жол кыймылын иреттөө боюнча иштер улантылууда

Ош шаарында жол кыймылын иретке келтирүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. А.Масалиев кең көчөсү менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылынын өтүшү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, бир нече жолу жол-транспорттук кырсыктар катталып келет. Жол кыймылын жөнгө салуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга […]
Жаңыланган Ош унаа базары

Ош унаа базарынын корей өндүрүшүндөгү автоунаалар сатылган бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана тургундар катышты. 🔹Жалпы 1500гө жакын унаа баткан бул бөлүктө бардык керектүү шарттар түзүлдү. Буга чейин автоунаа базарынын башка бөлүгүндө да оңдоо иштери жүргөн болчу. 🔹Быйылкы жылы унаа базары жайгашкан жер тилкеси айыл чарба багытынан коммерциялык […]
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жөнүндө

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТОКТОМ № 968 2025-жылдын 20-октябры Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы […]
Шайлоо өнөктүгүнө мамлекеттик кызматкерлерди аралашпоо эскертилди.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча өтүүчү жыйын өттү. Ага шаардагы укук коргоо органдарынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын башчылары, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары катышты. Мында шайлоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аралашуусуна […]
Ош шаарында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! Ош шаарында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди муниципалдык жана айылдык аймактарда өтө турган Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарга активдүү катышууга чакырабыз! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өтө турган IV Элдик […]
Аманбай Жунусов көчөсү ачылды

Ош шаарынын А. Жунусов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаардыктардын катышуусунда жол ачылды. А. Жунусов көчөсүнүн унаа жолу 24 метрге кеңейтилип, 4 тилкелүү болуп оңдолду. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт.

Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 ( 2-кабат, 5-кана). Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү . Юридикалык жактар үчүн нотариалдык каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү ( учредительный) документтердин нускасы ( чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат […]
Ош шаарынын автобустарында жана троллейбустарында Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча конкурс жарыяланат

ТЕНДЕРДИК ДОКУМЕНТАЦИЯ Ош шаарынын автобустарында жана троллейбустарында Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча Операторду тандоо жөнүндө Кириш сөз Ош шаарынын коомдук транспортунда Жол акысын төлөө электрондук системасын (ЭСОП) киргизүү жана ишке киргизүү долбоору жүргүнчүлөрдү ташуулардын сапатын, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. ЭСОПту киргизүү бардык кыймылдуу составды (автобустарды жана троллейбустарды) […]