Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт

Бишкек жана Ош тажрыйбалары менен бөлүшөт: Кантип шаарларды жашоого ыңгайлуу кылуу керек Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү. Ага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова жана эки тараптан шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Иш сапар “АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу” долбоорунун […]
Мугалимдер күнүнө белек

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Киров мектебине барды. Буга чейинки рейддик кыдырууда мектептин айланасын оңдоо тапшырмасын койгон болчу. Натыйжада имараттын айланасы асфальтталып, ажатканасы, күзөтчүлөр имараты, сырткы футбол аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мэр кыдыруусун Гагарин мектебинде улантып, мугалимдерди майрамы менен куттуктады. Аталган эки мектепке мугалимдер күнүнө карата Президенттин атынан интерактивдүү доскаларды тапшырды. Ошондой эле жаңы […]
Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэриясына Каракол шаарынын мэриясынан делегация келди. 3 күн ичинде эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба иш-чаралары өткөрүлөт. 🔹Алгачкы күнү мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. 🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу […]
Ош: Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү өтмөк расмий ачылды

🔹Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарындагы Ы. Монуев көчөсүндөгү эки деңгээлдүү өтмөктүн жана көчөнүн аты ыйгарылган кыргыз элинин биринчи генерал-лейтенанты Ысакбек Монуевдин эстелигинин ачылышы болду. 🔹Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаар жашоочулары катышты. 🔹Жалпы узундугу 640, кеңдиги 22 метрди түзгөн транспорттук түйүн толук асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөк курулду. Ошондой эле көчөнүн боюнда Ы. Монуевдин […]
Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

🔹Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарына Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан делегация келди. Эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт. 🔹Жолугушууда мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. 🔹Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле […]
Кең-Сай конушунда көп кабаттуу ипотекалык турак-жайдын курулушу башталды

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын Кең-Сай массивинде 5 кабаттуу ипотекалык турак-жайдын курулушуна расмий түрдө старт берилип, мезгил кутучасы салынды. 🔹Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана тургундар катышты. Мэр турак-жай бүткөндөн кийин жарандарга ыңгайлуу шарттагы батирлер ипотекалык негизде берилерин белгиледи. 🔹Бул Кең-Сай конушунда башталган алгачкы көп кабаттуу турак-жай болуп эсептелет. Жаңы үй […]
Жаңыланган имарат – кызматкерлердин кубанычы

🔹Ош шаарындагы райондор аралык көз оорулары боюнча медико-социалдык эксперттик комиссиясынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү. 🔹Бүгүн жаңыланган имараттын ачылыш аземи өтүп, ага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты. 🔹Буга чейин мэр аталган мекеменин абалын көрүп чыгып, көйгөйлөрү менен таанышкан. Ишкананын жамааты калаа башчысына эскилиги жеткен имаратты оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жеңишбек […]
Ош шаарында карылар күнү белгиленди

Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” социалдык мекемесинде Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өттү. Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана “Айыл Банк” ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Эрмек Бакасов карыяларды куттуктады. Салтанат Аманова Жеңишбек Токторбаевдин куттуктоосун жеткирип, мэриянын атынан акчалай белек жана интерактивдүү доска тапшырды. […]
Балдар үчүн амфитеатр ачылды

Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош турган жерге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ачык типтеги амфитеатр курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди. 🔶 Ачылыш аземине калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун эмгек жамааты, жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери катышты. 🔶 Алгач борбордун чыгармачыл ийримдеринин жаш таланттары тарабынан концерттик […]
Раззаков көчөсүнө толук жаңыдан асфальт төшөлдү.

Шаардагы Раззаков көчөсү Масалиев кең көчөсүнөн темир жол өтмөкө чейин толук асфальтталып, бүгүн пайдаланууга берилди. Жалпы жалпы жолдун жана тротуардын узундугу 3 чакырымга жакын, жолдун кеңдиги 28 метр. Жолду пайдаланууга берүү иш-чарасына шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар тургундары катышып, пайдаланууга берилген жолду жашоочулар менен бирге көрүп чыгышты.