✅Ош шаарындагы жаңы базарда акциздик маркаларды көзөмөлдөө рейди өттү

Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана мэр Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгы текшерилип, жасалма маркаларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Акциздик продукциялар салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калкты сапатсыз товарлардан коргоодо маанилүү […]
Жол кеңейтүү үчүн үйү бузулган үй-бүлөгө жаңы үй курулуп берилди

Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар алып салынган. Анын ичинде Данияр Исраиловдун үйү да болуп, жашап жаткан турак-жайы толугу менен бузулган. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаа бийлиги бул үй-бүлөгө бардык шарты менен жаңы үй куруп берди. Бүгүн көчөнүн ачылышынан кийин мэр жаңы турак-жайды да көрүп чыкты.
Н. Исанов көчөсү ачылды

Бүгүн, 27-августта Ош шаарындагы Н. Исанов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин, төрага Болот Баетовдун жана жашоочулардын катышуусунда ачылышы өттү. Бул көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтилип, асфальт басуу иштери жүрдү. Көчөнүн узундугу 5 чакырым, кеңдиги 18 метрди түзүп, алты тилкелүү.
Навои көчөсү 6 тилкелүү болуп ачылды

Ош шаарынын А. Навои көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Реконтсрукциялоо иштеринен кийин бул көчө 6 тилкелүү болуп өзгөрдү. Узундугу 2,6 чакырым, кеңдиги 26 метр. Кыска убакытта жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар, лоток жана жарыктандыруулар орнотулат.
Волгоград көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Волгоград көчөсүнө асфальт төшөлүп бүтүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана калаа тургундары катышты. Бул көчөнүн узундугу 2,2 чакырым, кеңдиги 24 метр. Буга чейин шарты начар, тар көчө 4 тилкелүү болуп кеңейтилди. Алдыда эки тарабына тротуар төшөлүп, лотоктор орнотулат.
Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү пайдаланууга берилди

Ош шаарында асфальтталган дагы эки көчө пайдаланууга берилди. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Аталган көчөлөргө асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор жаткырылды.
✅️ Ош шаарында катарынан 3 көчө ачылды

Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди. Алар: Маткеримова (Уруцкий); Алымбеков (Краснофлотск); Байтемиров көчөлөрү. Ачылышка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты.
Алымбек Датка көчөсү расмий ачылд

Ош шаарындагы Алымбек Датка болуп өзгөртүлгөн ири көчө расмий ачылды. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.
Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирине казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмеводго бул көчөнү тааныштырып келди. Аталган көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумуш дээрлик аяктап калды. Жалпы узундугу 3 чакырым 800 метр. Алдыңкы бир ай ичинде көчөнүн башына акындын айкели коюлуп, чакан сквер уюштурулат. Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак […]
Дипломаттар шаарчасы үчүн жер бөлүндү

Кыргызстанда биринчи болуп Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бүгүн, 26-августта мэр Жеңишбек Токторбаев Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды. Дипломатиялык шаарча Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат. Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык […]