Кең-Сай жаңы кошунун келечеги каралды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Алымбек-Датка аймактык башкармалыгына караштуу Кең-Сай жаңы конушунда кезектеги көчмө аппараттык жыйынын өткөрдү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков катышты. Алгач тиешелүү кызматтар Кең-Сайдан жеке тараптарга берилген жер аянттары […]
Менчиктештирилип кеткен “Весна” кинотеатры

“Токтогул” эс алуу багындагы “Весна” жайкы кинотеатры Ош облусунун мамлекеттик мүлк фондусунун 1999-жылдагы алуу-сатуу келишиминин негизинде РИА «Азия Табак» жоопкерчилиги чектелген коомуна 180 000 сомго сатылып, анын негизинде 1999-жылы менчик укугу жөнүндөгү күбөлүгү берилген. Андан кийин “Бакай-Банк” ААКнун Ош филиалына, бир катар жеке тараптарга сатып алуу келишиминин негизинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик […]
Унаа тыгынын азайтуу максатында Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартылат

Бүгүн, 3-апрель күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди. Айта кетсек, аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүүдө.
Озгур айылында көчөлөрдү иретке келтирүү иштери улантылат

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылындагы рейддик кыдыруусун улантып, аймактагы жолдордун жана сел каналдарынын абалын көрүп чыкты. Мэр бул айылда курулушу токтоп калган мектеп жана балдар бакчасын куруу иштери кайрадан жандана тургандыгын белгилеп, айылдын жолдорун иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундарды көмөктөшүүгө чакырды. Шаар башчысы ошондой эле тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарда алдын […]
Ош шаарында Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, Ош шаарындагы 68 мечитте Орозо айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык орун алып, бардыгына бекем ден соолук, руханий кубаныч менен жакшы иштерде ийгиликтерди каалады.
Ош шаарынын мэри Ж.Ш. Токторбаевдин Орозо айт майрамындагы куттуктоо сөзү

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу Ош шаарынын тургундары! Баарыңыздарды мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармадык. Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы. Бул күнү камкордуктун жана адамдык […]
Таңкы рейд: Н.Исанов көчөсүндөгү жолдор талаптарга ылайык иреттелет

Бүгүн, 29-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен Н.Исанов көчөсүнүн Озгур айылына караган аймагын кыдырды. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул жактагы кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өз билемдик менен курулган чарбалык курулуштарды алып салуу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди бошотуп, жолдорду ачуу жана кеңейтүү, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, ирригациялык жана суугат тармактарды […]
Ошто жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында, 2025-жылдын 29-мартында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды ишембиликке чакырабыз! Таза шаар, таза коомду бирге куралы.
Мамыров көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери башталат

Бүгүн 28-мартта, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана долбоордук уюмдардын өкүлдөрү менен Мамыров көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жүргүзүлө турган жумуштардын жалпы узундугу 7,5 чакырымды түзүп, анда долбоорго ылайык, көчөнү бойлой жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды, көпүрөлөрдү куруу, ирригациялык тармактарды, түнкү жарыктандыруу системасын орнотуу, суу түтүктөрүн өткөрүү иштери аткарылат. Жумуштарды […]
Нурматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилиши менен каттаган унаа кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Алсак, унаа тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнөн борбордук аянтка карай бара жаткан бардык унааларга гана оңго бурулууга уруксат берилет. Ал жерге тиешелүү жол белгиси орнотулду. Буга чейин Нурматов көчөсү аркылуу жүргөн унаа каттамы үчүн (Троллейбус менен жүк ташуучу унаалардан сырткары) Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден “Райан” мейманканасынан солго бурулууга тыюу салынган.