ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарына Бишкектен алгачкы троллейбустардын партиясы келди

🔸️ Алынып келинген алгачкы 6 даана троллейбусту Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты. 🚊 Жалпысынан Ош шаарына 100 даана троллейбус келет. Кийинки жумада дагы 10 троллейбусту алып келүү күтүлүүдө. 🚊 Белгилей кетсек, бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаары эл аралык “Ачык жергиликтүү башкаруу” (OGP Local) демилгесине кошулду. Бул глобалдык тармакта 162 жергиликтүү башкаруу органы бар. Борбордук Азиядан азырынча Бишкек жана Ош шаарлары гана катышып жатат. “Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгеси – бул эл аралык платформа болуп саналат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана коом алдындагы отчеттуулук боюнча […]

Некролог: Ош шаардык ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери С.К. Шарипова мезгилсиз дүйнө салды

2024-жылдын 4-сентябрында Ош шаардык Ардагерлер Кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери Салима Шарипова мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Шарипова Салима 1950-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 1973-жылы Тамак-аш өндүрүштөрүнүн Москва мамлекеттик университетин (мурдагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү технологиялык эт жана сүт өнөр жай институту) ийгиликтүү аяктап, инженер-технолог адистигине ээ болгон. Эмгек жолун […]

Ош шаарында мектептер жана балдар бакчаларынын жетекчилери менен жолугушуу өттү

Жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, УКМКнын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу окуучуларды 1-класска кабыл алууда, мектептен мектепке которууда жана бала бакчага орноштурууда коррупциянын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Ошондой эле окуучулардын коопсуздук ченемдерин сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды. КР УКМК мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү […]

Жарандарды кабыл алуу болду

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, бир катар көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп берди. Жарандар негизинен коммуналдык, турак жай, жер жана башка көйгөлүү маселелери менен кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, […]

Быйыл ош шаарында 8745 окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү. Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, […]

Ош: эгемендүүлүк майрамы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара борбордук аянттагы чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, шаар тургундары катышты. Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов эркиндикти аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө ар бирибиздин негизги милдетибиз экендигин […]

Ош: толук оңдоодон өткөн т.турсунбаева көчөсү бүгүн пайдаланууга берилет

Ош шаарында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин толук оңдолуп бүтүп, унаалардын каттамы үчүн бүгүн ачылат. Жолдун туурасы 19 метрге чейин кеңейтилген.

Ош шаарында эгемендүүлүк майрамына карата спорттук мелдештер өттү

🏆 Бүгүн, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Кыргыз Республикасынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында улуттук спорттук оюндары: күрөш , тогуз коргоол, аркан тартыш, ошондой эле шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер өттү. 🏆 Мелдештерге активдүү катышып, жеңишке жетишкендерге шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Ош шаарында эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында чет элдик сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган улуттук спорт оюндар жана мелдештер, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун бий топтору тарабынан концерт […]