ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эгемен элдин ыйык дөөлөтү, баа жеткис мурасы жана бийик сыймыгы. Бүгүн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Анткени Эгемендиктин 33 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ошону менен катар быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык […]

Эгемендүүлүк күнүнө карата ар тармактын өкүлдөрү сыйланышты

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан ар тармактын кызматкерлери 31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тапшырды.

Борбордук аянтта сейил бак ачылды

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн режимде борбордук аянттагы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду. Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулган.

Ош шаарында эки өнөр жай ишканасы ачылды

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында «Алайкуу Органикс» ЖЧКсынын жаңы логистикалык борборунун, «Досмарко» ЖЧКсынын текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканасынын ачылышы болду. Белгилей кетсек, «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун кургатылган мөмө-жемиштерди сактоочу жана иштетүүчү 50 тонналык логистикалык борборунда 15 адис […]

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүн, “Сулайман-Тоо” музей комплексинде “Кылым карыткан тарых жана улуу мурас” аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты. Кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында […]

Көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон, наам ээлерин алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады. Белгилей кетсек, КР Президентинин жарлыгына ылайык, бүгүн “Баатыр эне” ордени менен 15, […]

Жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

Учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда. Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат. Алсак, курулуп жаткан муниципалдык базардан Курманжан датка көчөсүнө кошулган Шамшат көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жумуштар жасалууда. Мындан […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

31-август, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Алсак, күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, 33 жаш баланын тушоо кесүүсү жана улуттук спорт оюндары өтөт. Ошондой […]