Кулактандыруу! Аукцион!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Аукционго төмөнкү муниципалдык жер тилкелери коюлат: – 1-лот. Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү №180 дарегинде жайгашкан, аянты 125,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 393 120 сом. Жер тилкеси автоунаа токтотуучу жай […]
Кулактандыруу!

ОШ ШААРЫНДА “ЖИБЕК-ЖОЛУ” СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУН УЮШТУРУУ МЖӨ ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЕКЕ ӨНӨКТҮ ТАНДОО БОЮНЧА КОНКУРСКА КЫЗЫКДАР ТАРАПТАРДЫ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы кызыкдар тараптарды «Ош шаарында “Жибек-Жолу” соода-логистикалык борборун уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурска катышууга чакырат. Конкурска катышуу үчүн коюлган квалификациялык талаптар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: […]
Ош шаарында Элдик Курултайларда айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү тескемелери менен бекитилген иш-чаралар пландарында жана Элдик Курултайларда айтылган сунуштар, кайрылуулар жана сын-пикирлердин негизинде шаар тургундары көтөргөн маселелерди чечүү боюнча иштерди жүргүзүп келет. Жалпысынан мэрияга тиешелүү 42 пункттун 32си аткарылып, 9 пункт боюнча иштер уланууда, 1 пунктту аткарууга мүмкүнчүлүк жок деп белгиленген. Мындан тышкары, II, III жана IV […]
Ош шаардык Кеңешинин XXII сессиясы өтүүдө

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, орун басарлары, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Сессиянын күн тартибинде: – Ош шаарынын мэринин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчету; – Ош шаарындагы […]
Кулактандыруу!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөрүн маалымдайт. Конкурска Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү №243/1 дарегинде жайгашкан, жеңил типтеги конструкциядан болгон, заманбап гүл сатуучу павильондун өзүнчө лоттору коюлат. – 1.2-лоттун аянты 33,60 чарчы метрди түзөт. Баштапкы ижара акысы айына 9 996 сом. – 1.13-лоттун аянты 16,54 чарчы метрди […]
Жетимишов көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктоо алдында

Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки 1400 метр узундуктагы, туурасы 14 метр болгон жол тилкесинде капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктап калды. Учурда жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин аталган көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар курулган. Жолду оңдоо иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктайт. Бир нече күндөн […]
Жарандарды тейлөө жаңы деңгээлге чыкты: Ош шаарында заманбап комплекс ачылды

Бүгүн Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген жаңы заманбап комплекстин салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты. Бул масштабдуу долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу […]
Жекшембидеги жумуш: Мэр Жаңы-Маала айылынан кабар алды

Бүгүн жекшемби, 27-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жаңы-Маала айылына барып, жергиликтүү тургундардан кабар алды. Калаа башчысы айылда жаңыдан курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун курулушу менен таанышты. Ошондой эле аталган аймакта жайгашкан мектептин абалын жеринен көрүп, жаңы билим уясын, жана бала бакча куруу керектигин айтты. Мындан тышкары, аймакта балдар аянтчасы да жок. Жанарбек Акаев балдардын […]
Төлөйкөн айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Жапалак айылдык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылында жаңы кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Аянтчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин жана шаардык Кеңештин депутаттары, айыл тургундары катышты. Шаар башчысы өз сөзүндө жаш спортчуларды жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жаштарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга үндөдү. https://www.facebook.com/share/v/1GptVwMSgA/
Атабаев көчөсүнө асфальт басылууда

Атабаев көчөсүндөгү жолго асфальт төшөө иштери башталып, биринчи катмары басылып жатат. Бул жол Совет доорунан бери каралбай, оңдолгон эмес. Эки тилкелүү болгон жол кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп өзгөртүлдү. Аталган жумуштар менен бирге мында жөө жүрүүчүлөр үчүн жаңы тротуарлар, ирригациялык лотоктор курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы тартылды. Алдыда аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Бардык курулуш жана көрктөндүрүү жумуштары […]